Башкы прокуратура Макфолдун Бакиевдин Россия тараптан пара алгандыгы тууралуу билдирүүсүн текшерүүдө

Башкы прокуратура Россиядагы америкалык элчи Майкл Макфолдун 2008-жылы Кыргызстан бийлигине «пара” бергендиги тууралуу билдирүүсүн текшерүүнү баштады. Россиянын Тышкы иштер министрлиги элчинин сөздөрүн дароо эле четке каккан.

«Дело №…» гезити Макфолго Россия тараптын «пара» бергендиги тууралуу маалымат берүүсүн Башкы прокуратура расмий түрдө сурагандыгын башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиевге шилтеме жасап жазган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Клоопко» берген интервьюсунда америкалык элчинин билдирүүсүн текшерип жатышканын ырастады.

Москвадагы Экономикалык жогорку мектептин студенттери менен жолугушуусунда россиялык бийлигин 2008-жылы «Кыргызстанды сатып алган» деп айыптаган.

Анын айтымында Россия мындай аракети менен америкалык аскерлерди Бишкектеги «Манас» авиабазасынан чыгарууну каалаган.

Макфол Америка тарап да төӊкөрүлгөн президенти Курманбек Бакиевге «пара сунуш кылганын», бирок ал сумма Россиянын сунуш кылган өлчөмдөн «он эсе аз» болгонун кошумчалаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Өкмөтү анда Макфолдун билдируусун комментарийлоодон баш тарткан болчу.

Россиянын тышкы иштер министрлиги америкалык дипломаттын сөздөрүн четке кагып, элчинин милдети эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү экенин эскерткен.

2008-жылы декабрда Владимир Путин баштаган Россия өкмөтү Кыргызстанга эки миллион доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүк насыя берүүгө макул болушкан. Анын артынан кыргыз тарап «Манастагы» америкалык аскердик базаны жаба тургандыгы жөнүндө маалымат тараган.

Эки айдан кийин, 2009-жылдын февраль айында Курманбек Бакиев АКШ менен Бишкекте авиабазаны орнотуу тууралуу келишимди бузуу жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Бирок, ошол эле жылдын июнь айында база Транзиттик жүк ташуучу борборго айландырылган.

АКШнын авиабазасы 2001-жылы Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеӊешинин квотасы боюнча түзүлгөн жана терроризмге каршы коалициянын жүк жана күчтөрүн Ооганстанга ташуучу негизги транспорттук түйүн болуп саналат.

2011-жылы президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылга Траанзиттик жүк ташуучу борборду Кыргызстандан чыгаруу жөнүндө бир нече жолу билдируу жасаган.

АКШнын бийлиги ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн соӊ базаны сактап калууга үмүт кылууда.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы