УКМК Нарындын мэрине каршы кылмыш ишин козгоду

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Нарын шаар башчысы Батырбек Жээналиевди кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптоодо. Нарын мэри айптоолорду четке какты.

Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жээналиев муниципалдык наабайкана үчүн тендер өткөрбөстөн жабдууларды сатып алган. Бул «Жергиликтүү башкаруунун каржы-экономикалык негиздери тууралуу» мыйзамга каршы.

«Жээналиев коммерциялык компания көрсөткөн 1 миллион 395 миң сом өлчөмүндөгү демөөрчүлүк жардамды муниципалдык наабайкананын жабдууларын сатып алууга жумшаган», — деп билдирет басма сөз кызматы.

УКМК мэр бюджеттен дагы 254 миң сомду ошол жабдуулардын оңдоо иштерине каржагандыгын жана ал жабдуулар мэрдин өзүнө караштуу болгонун белгиледи.

Жээналиев коюлган айыптоолор менен макул эмес. Мэрдин ою боюнча, атайын кызматтардын айыптоолору «мыйзамсыз».

«Бизге отнотуу үчүн мэрия имарат таап бериши керек, деген шарт менен жабдууларды беришкен. Имараттын оңдоо иштерине мэрия жана шаардык кеңеш акча бөлөт. Мыйзамсыз түрдө бөлүнгөн деп ушул каражаттарды айтып жатышат», — дейт шаар башчысы.

Кылмыш иши Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 304-беренеси – өзүнүн жана башкалардын пайдасына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон. Аталган беренеге мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кылмыш ишинин материалдары Нарын облустук прокуратурага жөнөтүлдү. Прокуратура комментарий берүүдөн баш тартууда.

Сүрөт: «Кабар» маалымат агенттиги

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы