Ноокаттык айдоочулар жолдордун оңдолушуна күмөн санашат

Айдоочулар Ноокаттын жолдорун толук жаңылатуу зарылдыгын эки жылдан бери жергиликтүү бийликтен талап кылышууда. Жергиликтүү бийлик болсо, ондоп-түзөө гана иштери жүргүзүлөт деп жооп берди.

Советтик Союз маалынан бери Баткен облусунун Ноокат шаарынын жолдорунда толук ремонт жасала элек. Акыркы эки жылдан бери айдоочулар жолдордун начардыгынан райондук, облустук акимчиликке жана “ЭлТР” телерадио компаниясына бул маселени чечүү үчүн кайрылышкан.

Айдоочулардын жолдорду капиталдык ремонт кылуу талабы менен чыккан 16-апрелдеги митингинен эки күндөн кийин транспорт жана коммуникация министри Калыбек Султанов жергиликтүү эл менен жолугушкан. Бул жолугушууда Дүйнөлүк банк тарабынан Ноокат ашуусунун 18 километрдик тилкесин ремонттоо үчүн 16 миллион АКШ доллары бөлүнүп берилээрин маалымдады.

Ал эми ички жолдорду оңдоого 35 миллион АКШ доллары керектелет. Анын 15 миллиону кийинки жылы бөлүнөөрү жөнүндө сүйлөшүлөр болуп өттү.

Бирок болуп өткөн митингдин уюштуруучусу, айдоочу Турсуналы Ажыкулов мындай сөздөргө ишенбестигин билдирди.

“Азыр алар [транспорт жана коммуникация] сөз берди, чукур жол ондолуп турат. Августтан башталат жол дешти, эгер чукур жолдор ондолбой болбой кала турган болсо, бизди дагы алдай турган болсо, анда биз дагы чыкканга [митингке]даярбыз”,–деди Ажыкулов.

Ошондой эле Ажыкуловдун тааныш балдары: “Министрлер келгенче экскаватор менен казып жаткан жер алар кетери менен токтоптур” деп айткандыгын кошумчалады.

Ноокат-Ош каттамынан айдоочусу Нурбек Жээнбаев эки күн мурун жолдор ондоп-түзөө иштерин башталганы менен, бирок канаттандырбай жаткандыгын кабарлады.

“Жамак болуп кетти бар жогу. Баягы эле тоонун жолундай болуп кетти, азыр эми жолдор жамалып жатат [...]. Жамаган жеринен өтсөң тарс деп дөнкүлдөп ташка тийгендей болосун. Жамагы канаттандырбайт, кемпирдин шымын жамагандай болуп,–деп нараазычылыгын айтты.

Ноокат районунун акиминин орун басары Мамадалы Дүйшеев “Клоопко” берген маегинде, азырынча мамлекеттик бюджеттин эсебинен түзөтүү жамоо иштери жүргүзүлөт деп маалымдады.

“Биздин ушул жолду тейлеген ишкана бар, ага [транспорт жана коммуникация министрлиги] бир автогрейдер бере турган болду. Өз убагында жолду тазалап туруш үчүн”,–деди Дүйшеев.

Авторлор: Айтурган Абдыразак кызы, Бактыгүл Баридин кызы

Редактор: Айзат Шакиева