Америкалык жана кыргыз атчандарынын жарышы – «Родео 2012»

Америкалык ковбойлор жана кыргыздын жигиттери шаардык ипподромдун талаасында атты башкаруу чеберчилиги боюнча күч сынашты. Атчандар эки өлкөнун улуттук оюндарын көрсөтүш ү. Кирүү акысыз болгондуктан, иш-чарага стадион толо көрүүчүлөр тартылды.

«Родео 2012» фестивалы 2 июнь күнү Бишкектеги «Ак кула» ипподромунда өттү. Бардыгы болуп иш-чарада тогуз таймаш көтсөтүлдү.

Атчандар бир эле убакта америкалык жана кыргыз ат спортунун түрлөрүндө жарышышты. Ковбойлор «көк бөрүдө», кыргыз жигиттери болсо ат үстүндө бара жаткан оюнчуга чалма ыргытышып чеберчиликтерин көрсөтүп жатышты.

Родеонун өзү да ойнолду. Аталган оюнда атчандар аттарынын мүнөзүн көрсөтүүсү зарыл.

«Родео 2012» долбоорунун менеджерлеринин бири Тамилана Айтбаеванын айтуусунда мындай иш-чара Бишкекте экинчи жолу өткөрүлүүдө.

«Родео 2011» былтыр ат спорттук мектебинде өткөрүлгөн. Мектептин аймагы кичине болгондуктан, быйыл фестивалды шаардык ипподромго өткөрүүгө туура келген.

«Бүгүн катуу түртүшүү жана масс абалдагылар да кездешкен жок. Тартип көзөмөлчулөрү да кыйнышкан жок. Ипподромдун өзүнүн инфраструктурасы жакшыртышса болмок, дааратканаларды, трибуналарды жана оюн талаасын ирээтке келтирүү керек», — деп фестивалдын көрүүчүлөрүнүн бири өз ою менен бөлүштү.

«Клооптун» кабарчылары тарабынан сурамжылоого алынгандардын көпчүлүгү фестивалдын коноктору – америкалык атчандарды көрүүгө кызыктар болуп келгенин айтышкан.

«Адатта мындайды телевизордон гана көрсөтүшөт, Кыргызстанда чалма ыргытуу сыяктуу ыкмаларды жанынан көрүү мүкүнчүлүгү жок. Эки түрдүү мамлекеттин маданиятынан мындай бири-бирине окшош нерсе тапкандары таӊ калардык. Кирүүн акысыз болгону да аябай жакшы болду», — деди родеонун көрүүчүсү Вячеслав Полетаев.

Родео – Түндүк Американыын улуттук оюндарынын бир түрү. Ага бир нече жарышуу түрлөрү кирет. Алар өз алдынча да, ири таймаштын курамында да өткөрүлүүсү мүмкүн. Оюн өзүнө жапайы бука, токулбаган жана токулган атка минүү, буканы чалмага илүү, буканы кулатуу жана чакалардын арасында жарышуу сыяктуу бөлүктөрдү камтыйт.

«Родео» деп аталган эӊ эле көзгө чалдыга турган таймашта «жапайы букага» же атка минүү чеберчилиги көрсөтүлөт. Ковбой ат же бука үстүндө 8 секундка жыгылбай туруудан сырткары жаныбардын потенциалын көрсөтүүсү зарыл.

Автор: Светлана Зеленская

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы