Орусиянын президенти Владимир Путин мыйзамга 1-майда кол койду. Ал 2019-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирет, бирок мыйзамдын кээ бир пункттары 2021-жылы гана иштей баштайт.
Орусиядагы интернетти обочолонтуу тууралуу мыйзамды интернеттин орусиялык сегментин коргоо максатында иштеп чыгышкан. Мисалы, эгер кимдир бирөө орусиялык интернетти сырттан өчүрүү же чектөө менен коркута турган болсо, анда Байланыш, маалымат технологияр жана массалык коммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы (Көзөмөл кызматы) трафикти өлкө ичинен башкарууну колго алып, обочолонгон түрдө ишти уланта берет.
Муну менен катар Орусиянын өкмөтү бийлик өлкөдө интернетти башкарууга ала ала турган потенциалдуу коркунучтардын тизмесин беките элек.
«Медуза» билдиргендей, Орусиянын домен зоналарында алты миллионго жакын сайт катталган — бул домендик аттардын жалпы санынын эки пайызга чукулу. Орус интернетинин аудиториясы 90 млн адамды түзөт. Ал эми дүйнөдө болсо желени дээрлик төрт млрдга чукул адам колдонот.
Мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстанга кедергесин тийгизбейби?
Теориялык жактан алып караганда интернеттин кыргыз сегменти Орусиядагы интернеттин обочого алынуусунан жапа чегип калышы мүмкүн, анткени трафиктин көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга дал ошол Орусиядан келет.
Операторлор ассоциациясынын төрагасы Айбек Күренкеев мыйзамдын кабыл алынышы аны тынчсыздандырды деп «Клоопко» билдирди. Ал Кыргызстанга бул эч кандай жакшы нерсе бербейт деп эсептейт.
«Бизде дүйнөлүк сайттарга жеткилик чектелип калат деген коркунуч бар. [Орусиянын бийлигинин] айтымында, техникалык жактан IP-даректер менен домендерди көчүрүп алгандан кийин .ru зонасында бардыгы иштей берет, ушу сыяктуу. Бирок чындыгында биз үчүн эл аралык [интернетке] жеткиликти бөгөп коюулары мүмкүн, анткени ал Орусия аркылуу келет, мындан тышкары, Орусиянын ички сегментине да жеткилик буулушу мүмкүн», — деди ал.
Бирок Күренкеев кошумчалагандай, бул учурда көп нерсе обочолонтуу боюнча чаралар кандай шарттарда кабыл алынышына да көз каранды болот. «Кытайлык интернет деген альтернатива бар, бирок ал жакта өздөрүнүн чектөөлөрү бар жана интернет жай болот», — деди ал.
«Интернеттин ылдамдыгы сөзсүз төмөндөйт, анткени контент үчүн кошумча чыпкоолор бар болот, ал эми баасы боюнча азыр бир нерсе айтыш кыйын. Азыр ал жакшы, бирок өзгөрүшү мүмкүн», — деп кошумчалады ал.
Күрөнкеевдин айтымында, азыр Кыргызстандын бийлиги өлкөдө интернетти бир гана Орусия жана Кытайдан эле эмес, башка өлкөлөрдөн да алуу мүмкүнчүлүгү боло тургудай чараларды көрүүсү керек.