Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Кыргыз көчөсүндө кичинекей эски там турат. Андан алыс эмес жерде чакан үй жайгашкан, анын артында бир-эки сарай жайгашкан. Ошол чаң баскан үйдүн ичинде сынык эмеректерге, турмуш-тиричилик техникаларына жана башка керексиз буюмдарга толгон эки бөлмөсү бар. Ал үйдө 65 жашар Роза Курбанова жашайт. Аталган жер тилкесинин ээлери үйдү сүрдүрүп, ордуна жаңысын курууну каалашат, ал эми пенсионерди алар убактылуу жашап туруу үчүн сарайга киргизип коюшкан.
Роза бул жерде бекер жашайт. Жатактын акысы үчүн иттерди, тоокторду, коёндорду багып, чычкандарды ууландырат. Анын өз үйү деле бар — чоң жана эки кабаттуу. Бирок ал жакта жашай албайт — үч жыл мурда уулу Роза Нуриевнаны үйүн ага каттатып берген соң кууп чыккан.
Ал үй Роза апа жашап жаткан сарай жайгашкан көчөдө турат. Бирок эми үйүн көздөй бара жатканда аны картайган иттен башка эч ким тосуп албайт.
Карыяга мүмкүнчүлүгүнө жараша кенже кызы жардам берип турат, бирок Роза Нуриевна анын үйүнө барып жашагандан тартынат — Орусияда жыйырма жылдай иштеп жүргөндө кенже кызына жардам бербей, уулу баласы менен улуу кызына гана окууга жана бизнеске жардам берип жүргөнүн айтат.
Роза Орусияга иштөөгө күйөөсү менен барган, үйдү да чогу курушкан. Алар «балдарын буттарына тургузуп», андан соң гана пенсия курагында үй-бүлөсү менен чоң үйдө бирге ынтымактуу жашоону кыялданышкан. Бирок күйөөсүндө рак илдети аныкталып, Роза аны канчалык аман алып калууга аракет кылганы менен ал кайтыш болуп калган. Төрт колдоп-буттап тургузулган үй тирүү кезинде жолдошунун атына катталган экен.
Мурас тууралуу маселе чыкканда бирге иштеп тапкан мүлк катары ага Роза талапкер болгон. Бирок улуу кызы апасына ал Орусиянын жараны болгондугу үчүн Кыргызстандагы үйгө ээлик кылууга укугу жоктугун айткан — Роза Орусиянын аймагында туулган, бирок беш жашында Кыргыз ССРине көчүп келген.
Анда карыя кызына ишенип, чындап эле мындай тыюунун бар-жогун деле текшерген эмес. Абалды татаалдаштырбоо үчүн ал үйдү тартуулоо келишими аркылуу баласына каттаткан. Мындай келишимдин эрежелери боюнча, кандайдыр бир мүлктү тартуулоочудан акысыз алып жаткан адам аны мындайча айтканда, белек катары алган болуп эсептелип калат.
«Балдарыма ишенгем да, аларды жакшы көрүп, алар эч нерседен кем болбосун деп талыкпай иштечүмүн. Орусияда ишеним кат аркылуу каттатып жатканда ал жактан мага “Эмнеге мындай кылып жатасыз? Үйү жок калгыңыз келип жатабы? — дагы ойлонуп көрүңүзчү”, — деп айткандары эсимде. Кызыма чалып айтып берсем, кызым минтип айткан: “Эгер өз балдарыңызга ишенбесеңиз, анда дагы кимге ишенмек элеңиз? Албетте, биз сени көчөдө калтырбайбыз!”» — деп эскерет калтыраган эриндерин кысуу менен Роза Нуриевна.
«Кыйкырсаң өлтүрүп коём»
Роза биротоло Кыргызстанга кайтып келгенден кийин акыркы иштеп таап келген акчасына баласы Ринатты үйлөнтүп, үйүн оңдоткон. Үйдүн жанына дүкөн ачкан — үй-бүлөсүнөн эми алыска кетпей эле үйүнүн жанында майда соода-сатык менен акча таап иштей алам деп үмүттөнгөн.
Бирок уулу аялы менен апасыныкына жашаганы көчүп келээри менен үй-бүлөдө чыр чыга баштаган. Розанын келини дароо эле үйдүн кожойкеси болоорун, ал эми кайын энеси ага эч ким экенин шардана кылган. Баласы да аялынын сөзүн сүйлөп, апасын сөгүп, алтургай колун да көтөрө баштаган. Бирок Роза Ринат эсине келет деп үмүттөнүп, чыдап жүрө берген.
Пенсионердин балдары өз агрессияларын апасы «Жахабанын сектасына киргени» менен түшүндүрүшкөн, бирок Роза өз ишенимдерин туугандарына эч качан таңуулабаганын айтат.
«Мен татармын, баштан эле мусулманбыз, бирок мен эч качан андай деле динчил болгон эмесмин. Бирок жахабачылар мени дайыма кызыктырчу, Орусияда жүргөнүмдө алардын чогулуштарына барып жүрчүмүн. Пенсияга чыкканымда өзүмө убакыт бөлсөм болот деп ойлодум», — дейт пенсионер.
2014-жылдын октябрында Ринат үйгө кызуу келип, апасы дарбазанын ички жагындагы кулпунун ачкычын чыгарууну унутуп койгону үчүн эшикти ача албай коёт. Кезектеги чыр-чатак башталат. Жанында келини да бар эле. Ал дагы Розага кыйкырып, карыя келинин ага жасаган мамилесине нааразы болуп, баласынан аялынын «жаагын жабуусун» суранат. Муну уккан Ринат аялына болушуп, апасын катуу сабай баштайт. Роза жардам сурап кыйкырат, бирок баласы ашкана бычагын алып, энесинин курсагына такап — «Кыйкырсаң өлтүрүп коём», — деп коркутат.
«Чачыман кармап алып башым менен эшиктин кашегине сүздүрүп, шамалдаткыч менен чапкылады, бетимди колум менен жапканга эле жетишип аттым. Андан кийин Ринат мени түртө салып, ортон колун чыгарып, оозума тыкты. Аны түртүп “Эмне кылып жатасың? Мен сенин энеңмин го! деп кыйкырдым. Колун тиштеп алсам жакшы болмок экен”», — деп айтып берди Роза көз жашын шолоктотуп.
Ур-токмоктун айынан карыя эс учун жоготуп, кайра өзүнө келген соң араң турганына карабастан, биринчи медициналык жардам көрсөткөн кошунасына барган. Курбусу Розага милиция чакыртып берейин десе, баламды түрмөгө отургузуп коюшат деп болбой койгон экен.
Эртеси карыяга ооруканадан баш мээң чайкалып калыптыр деген диагноз коюшат.
«Дарыгер толук текшерүүдөн өт деп көшөрүп, мени стационарга жаткыргысы келген — денемдин бардыгы шишип, көгала болуп тургам. Бирок баш тарттым, анткени төлөй алмак эмесмин — акчалар үйдө калып калган эле», — деп айтып берди Роза ошол кечти эстегенден өксөп ыйлап.
«Үй-жайсыз калганым оң»
Текшерүүдөн кийин врач милицияга чалып, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу билдирип, карыяга көрсөтмө берүүгө туура келген. Тергөөчү андан “балаңа каршы арыз жаз” деп суранган.
Бирок Роза милиционердин «Энесине кол көтөргөнү үчүн ага [Ринатка] ал жакта кыйын эле болот. Ал зордукчулар менен бир тепкичте турат да — ал жакта аны аялга айлантышат» деп табалап күлүп айтканын уккандан кийин баласы үчүн коркуп кетип, тергөөчүнүн колунан арызды жулуп алып айрып салган.
«Ошондо балам менин айыман азап тартып жатат деген ой менен жашагандан көрө үй-жайсыз калганым оң деп ойлондум. Ошондо милиционерге өзүм кулап түшкөм деп айткам», — деген Роза бир саамга сүйлөбөй туруп, тааныштары белекке берген узун юбкасынын этеги менен көз жашын аарчыды. Розанын кие турчу кийими да жок калган экен, себеби баласы аялы менен кошо ага үйдөн өз буюмдарын алып кетүүгө уруксат бербей койгон.
Дарыланып чыккандан кийин Роза баласына чоң үйдү сатып, анын ордуна эки үй сатып алууну сунуштаган — «баласы менен аялына чоңураагын, өзүмө болсо кичирээгин — мага бир бурч эле керек болчу, жок дегенде бир бөлмө сурагам». Бирок баласы баш тартып койгон. Карыя кай жакка барып батынаарын билбей, темир жол бекетине жөө барып, ошол жактагы отургучта түнөгөн.
Үйүнөн куулуп, эшикте калган күндөн бир ай өткөн соң пенсионер аял белекке тартуулоо келишимин жоюу тууралуу доо арызы менен Жарандык сотко кайрылган. Бирок соттук иш токтотулуп, эки тарапка тең жарашууга убакыт берилген. Анын үстүнө биринчи эле сот отурумунда уулу апасына өзүнчө үй сатып берем деп убадалаган эле.
Ошондо ал энесинен кечирим сурап, кайра үйгө чогу жашоого чакырган. Ал уулун кечирип, кайра барган болчу. Бирок алгачкы күнү эле келини аны кемсинте баштаган.
«Мен ошондо душтан чыгып өз бөлмөмдө кийинип жаткан болчумун — халатымды чечип жатаар алдында кие турган көйнөгүмдү кийип жаткам, — Розанын үнү үзүлүп, ал тартынгандыктан кызарып кетти. Бирок ошол учурда келиним башына тагылган кичинекей камера менен бөлмөгө чуркап кирип келип: “Көргүлөчү, бул канчалык соо эмес экенин — өз баласынын көзүнчө жылаңач жүрөт”, деп кыйкырып жатты. Мени залга түртүп чыгып, андан кийин балам да кошулуп, мени кайра сабай башташты — бирде башымды дубалга сүздүрүп, бирде муштумдар менен, кулап калганда — буттары менен [тепкилеп чапкылашты]».
Кошуналар ызы-чуу кыйкырыктарды угуп калып милиция чакыртышкан. Ошондон кийин гана Роза баласынын жана келинин үстүнөн ур-токмоктоо фактысы боюнча арыз жазган.
«Мага кайтаруу ордерин жазып беришти, бирок мен бул үйдө калгым деле келбей калган. Уруш-талаш жана ур-токмокторду ден соолугум көтөрө албашын түшүнгөм», — дейт карыя. Ошол түнү ал темир жол бекетинде отургучка жатып түнөгөн. Андан кийин сарайда жашап турууну сунушташканга чейин тааныштарыныкына барып баш калкалап жүргөн.
«Бирок кубаныч жок»
2015-жылы жайында Роза Нуриевна баласына «Саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү» беренеси боюнча айып тагылсын деп райондук прокуратурага кайрылган. Сотто Ринат жылаңач апасы тартылган видеону көрсөтүп, ал психикалык жактан оорулуу деп билдирген. Соттук-психологиялык экспертиза муну четке каккан.
Соттук процесс созулуп отуруп териштирүү бир нече жылга узарып кеткен. 2016-жылы Роза Нуриевна эки юрист алмаштырууга жетишкен, анткени ал аларды алдамчылар болушкан деп эсептейт. Ошентип ал акыйкатчыдан жардам сурап кайрылган. Бирок анын кеңсесинен кыска формулировка менен баш тартып коюшкан — «эч нерсе менен жардам бере албайбыз — сиз Орусиянын жаранысыз». Карыя ошол жерден ыйлап жиберген — бул анын адилеттүү коргоо алууга болгон жападан-жалгыз үмүтү болчу.
Муну акыйкатчынын кеңсенинин эшигин улам-улам келип каккылап жүргөнүн эстеп калган маморгандын кызматкери көрүп калган. Кыздын Роза Нуриевнага боору ооруп, ал «Открытая линия» коомдук фондуна чалып, юрист Айжан Жуманалиевадан аялга жардам берүүсүн өтүнгөн. Жуманалиева жардам берүүгө макул болгон.
Айжан Розанын укуктарын сотто коргоп баштагандан тарта иш ордунан жыла баштаган — алар 2017-жылы Ринат уруп-согуу менен апасынын «саламаттыгына жеңил залал келтиргендигин» далилдешкен. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок окуянын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу аны кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотушкан.
«Аны саламаттыкка жеңил залал тийгизгендиги үчүн жоопкерчиликке тартышпаса дагы, бирок мыйзам боюнча, эгер тартуулоочунун өмүрүнө коркунуч келтирилгени тастыкталса жана буга белекти алуучунун катыштыгы бар болсо, анда мүлк тартуулоо тууралуу келишим автоматтык түрдө жараксыз болууга тийиш. Аны жөн гана алдап кетишкен», — дейт адвокат Жуманалиева.
2018-жылдын жайында Жогорку сотто тартуулоо келишимин жокко чыгаруу боюнча процесс башталган. Ал учурда Ринаттан аялы балдарын алып кетип калган эле жана баары Розанын баласы маселени тынчтык жол менен чечүүгө макул болот дегенге бараткан. Бирок, мунун ордуна ал энесин көчөдөн же сот отурумунун алдында коридордон көргөн сайын сөгүүнү уланта берген. Кийинчерээк Роза баласы үйдөн турмуш-тиричилик техникасы менен эмеректерди чыгарып кетип жатканын байкай баштаган.
Кыш мезгили чукулдап, соттун чечиминен дайын жок болуп, Роза сарайда жошоону уланта берген. Сууктун айынан анын өпкөсү сезгене баштаган жана адвокаты карыяны кыш мезгилине «Сезим» кризистик борборуна киргизүү тууралуу макулдашкан. Бирок Розага ал жакка көчүп барууга туура келген эмес эмес — күздүн акыркы күндөрүндө Жогорку сот тартуучулук келишимди жокко чыгарган. Ал эми Ринат апасынын үйүнөн чыгуудан баш тартканда, аны ал жактан 30-ноябрда милиция чыгарган.
Эртеси күнү Роза үйүнө кайтып келген, бирок ал башкача болуп калган эле. Үй ээн жана газ жыттанып турган — баласы үйдөн кетээрден мурда ашканадагы плитага туташкан газ ийкем түтүгүн үзүп салган. Розанын мурдагы бөлмөсүндө электр зымдары кесик болгон — муну да төрт жыл мурун Ринат кылган.
Үйдүн биринчи кабаты гана жашоого ылайыктуу сезилет — зал, уктоочу бөлмө жана диван менен жылыткычы бар чакан бөлмө — бул жерде электр жарыгы бар, ошондуктан Роза ушул жерде уктайт.
Экинчи кабатта таптакыр эле ээн жана суук. Эмеректин баарын баласы эжесинин үйүнө көчүрүп кеткен, апасына болсо эски керебетти гана калтырып койгон. Бул керебетти Роза улуу кызы мектепте окуп жатканда сатып берген экен. Карыя экинчи кабатка пол жууш үчүн гана чыгат.
Ал калган бир нече столдор менен идиштерди жууп чыгып, кийимдерин тапкан. Бара-бара ыңгайлуулукка көнүп баратат, бирок анын бул үйдө жашаганга көңүлү жок. Бул жерде ага бардыгы эстегиси келбеген ур-токмоктор менен кемсинтүүлөрдү эстетип турат.
Роза чакан ашканасында чай демдеп, барактары бош калган сүрөт салгычты чет жакка көңүлсүз жылдырып койду — баласы өзүн энесинин эсинен жоготоюн деген, алтургай өзүнүн бала чактагы сүрөттөрүн да чогултуп, алып кетип калган экен. Бирок баласын унутуу оңой эмес, анткени Роза Нуриевна ай сайын пенсиясынын дээрлик жарымын Ринат калтырып кеткен коммуналдык кызматтар үчүн карыздарды төлөөгө аргасыз.
Кай бир убактарда чоң үй-бүлө эми карыянын эсинде так болуп сакталып калды. Азыр ага жалгыз ит гана шерик — ал көчөдөн Розаны сарайда жашап жаткан күндөрү да эшиктен тосуп алып турчу.
Ринат алардын үй-бүлөсүндө көйгөй жок деп айтып, бул окуяга комментарий берүүдөн баш тартты. Биз аны менен сүйлөшөлү деп аракет кылганда ал бул материал жарык көрө турган болсо бизди сотко берем деп коркуткан. Розанын улуу кызы менен да сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Ал эми кенже кызы биз менен жолугуудан тартынып койду — ал Розанын балдарынын арасынан апасы менен сүйлөшүп турган жалгыз кыз, бирок ал апасы мындай окуяга туш болуп калганы үчүн дагы деле өзүн ыгайсыз сезет.
«Мен эми башкалардын сарайларында каңгып жүрбөйм. Ушул үчүн гана кубанам. Бирок чыныгы кубаныч жок — мен мындайды каалаган эмесмин да, неберелерим жана балдарым менен ынтыкмактуу чогуу жашайбыз деп ойлогом [...] — деп кайгыруу менен үшкүрдү Роза Нуриевна кооз кызыл туникасынын этегине колун коюп. Ал биздин алгачкы жолугушуубузга караганда дурусураак, бирок анчейин бактылуу эместей көрүнөт. — Ушул убакыт бою акыйкатсыздык менен күрөшүп келгем жана башка аялдар дагы колдорун түшүрбөөсүн каалайт элем. Эгер бир эшик жабык болсо башкасын каккылагыла. Башкысы — канчалык кыйын болсо да башты түшүрбөш керек!»
Материалдын авторлору: Александра Титова, Тилек Бейшеналы уулу