Бишкекте антикоррупциялык митинг өтпөй калды — активист Карасартова президентке талаптары менен кайрылды

Укук коргоочу жана митингдин уюштуруучусу Рита Карасартова 3-июнда билдиргендей, пландалып жаткан антикоррупциялык митингге Биринчи май райсоту тыюу салгандыгы үчүн өтпөй калды.

«Мыйзамга баш ийген жарандар катары биз [митинг тууралуу] айтканбыз, бирок конституция боюнча бизде өз оюбузду билдирүүгө, тынчтык чогулуш кылууга укугузубуз бар экенин билебиз [...] биз жол тосуп алышыбыз ыктымал экен, бирок биз дайыма мыйзамдуу митингдерди өткөрүп келгенбиз. Биздин бир дагы митинг эч качан жол тоскон эмес», — деп келтирет Карасартованын айткандарын «АКИ пресс» басылмасы.

Бийлик тыюунун себебин 13-16-июнда Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдык көрүү менен түшүндүргөн.

Тыюуга карабастан Карасартова баары бир Ак үйдүн алдына келип, чогулган журналисттерге президент Сооронбай Жээнбековдун атына кайрылууга кол топтолуп жаткандыгы тууралуу билдирген.

Анын кайрылуусунда бир нече талаптар бар. Мисалы, коррупцияга каршы күрөшүү кызматын (АКС) УКМКнын карамагынан чыгаруу. Карасартованын пикиринде, УКМК — жабык орган, ошондуктан ал коррупцияга каршы күрөшө албайт.

«Биз бүгүн коррупциялык иштер боюнча болуп жаткан сот проццестерине ачык-айкындуулукту берүүнү талап кылып жатабыз, анткени “чоң иштер”, “мынча акчалар кымырылган” деп айтышууда, бирок журналисттерге тартууга тыюу салып жатышат, алардын видеокамералары бар экенин айтышууда. Бирок аларды көрө албайбыз, саясатчылар эмне боюнча айыпталып жатышканын эл билиши керек», — деп билдирди Карасартова.

Укук коргоочу президентке кайрылуусунун толук текстин өзүнүн фейсбуктагы баракчасында жарыялаган.

Антикоррупциялык митинг активисттердин «Азаттыктын» Кыргызстандан 2011-2017-жылдары чыгарылып кеткен 700 млн долларга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн деген иликтөөсүнө кылган реакциясы болду.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук банкка, финполго жана финчалгынга журналисттердин маалыматтарын текшерүүнү тапшырган. Ал эми депутат Искендер Матраимов үй-бүлөсү иликтөөнүн авторлорунун айыптоолоруна жооп даярдап жатканын билдирген.