АКШнын бийлиги майдын аягынан тарта виза берүүдөгү талаптарды күчөткөн. Эми штаттарга виза алгысы келгендер колдонуп жүргөн бардык социалдык тармактарын көрсөтүшү керек. Жаңы эрежелер туристтик, студенттик же жумушчу визаларга тиешелүү.

«Клооп» акыркы 13 жыл ичинде кыргызстандыктарга виза берүүдөн баш тартуулардын динамикасы кандай өзгөргөнүн эсептеп чыкты.

Маалыматтарга ылайык, B түрүндөгү визаларды алуу боюнча баш тартуулар эки эсе көбөйгөн. B тибиндеги визалар — бул чет элдиктерге туристтик жана бизнес максаттар үчүн берилүүчү эң популярдуу америкалык визалар.

Баш тартуулардын өсүшүнөн тышкары билдирме тапшыруучулардын саны да өсүүдө. 2006-жылы алардын саны 1000 адамдан бир аз көбүрөөк болсо, 2018-жылы виза алуу үчүн билдирмелерди 4600дөн ашык кыргызстандык тапшырган.