УКМК Балдарды реабилитациялоо борборунун мурдагы директорун кармады

Алексей Петрушевский. Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 6-июнда Бишкек мэриясына караштуу «Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун» мурдагы директору Алексей Петрушевскийди кармады. Ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп шектелүүдө. Бирок атайын кызмат ал кайсы иш боюнча кармалгандыгын түшүндүрүшкөн жок.

УКМКнын басма сөз кызматы Петрушевский атайын кызматка кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү тапшыруу үчүн чакырылганын, бирок кийинчерээк аны кармоо чечими кабыл алынганын билдиришти. Мурдагы директор учурда УКМКнын убактылуу кармоо изоляторунда.

Кармалгандын адвокаты Елена Гаврилованын айтымында, Петрушевский Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун директору болуп иштеп турган учурунда кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип айыпталууда.

«2017-жылы жашоого жат келген жүрүм-туруму бар аялдын баласына чоочун аял жардам берген. Алексей ал аял менен баланын жолугушуусуна уруксаат берген. Ал баланы камкордукка алууну ниет кылып жатканда, баланын туугандары табылып калган. Баланын каалоосу жок эле жакындарына беришкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Алексейдин уруксаат бергенге укугу жок болчу», — деп келтирет 24.kg Гаврилованын айткандарын.

Бишкек мэриясы Алексей Петрушевскийди борбордун директорлук кызматынан 6-мартта ишенимден кеткендигинен улам бошоткон.

Петрушевский 2018-жылдын башында эки эже-сиңдини чет элдиктердин камкордугуна берүүгө аракет кылышкан соцкызматкерлер жөнүндө айтып берген. Ал учурда кыздарды өздөрүнүкүнө алып кетүү үчүн документтерди белендеп койгон кыргыз үй бүлөсү даяр турган болчу.

Мындан кийин директор шаар бюджетин ыксыз сарптоого айыпталган — ал өлкөнүн башка аймактарында катталган балдарга реабилитация борборунда жашоого уруксат берип турган.

Кийинчерээк Бишкек шаардын кеңешинин депутаттары 1993-жылдан тарта иштеп келген балдарды реабилитациялоо борборун жабууну чечишкен. Депутаттар имаратты бала бакча кылууга бериш керек, ал эми ата-эненин карамагысыз калган балдарды башка борборлорго бөлүштүрүш керек деп эсептешкен. Бирок мэрия борборду жабуу боюнча акыркы чечимге келе элек.