Ысык-Көл областынын район аралык соту Караколдогу убактылуу кармоо изоляторун караколдук укук коргоочу Камил Рузиевге кыйноого каршы күрөшүү тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттендирди. Мындан мурун убактылуу кармоо изолятору укук коргоочунун суроосуна көңүл салбай койгон.
Караколдогу укук коргоочу «Вентус» уюмунун жетекчиси Камиль Рузиев убактылуу кармоочу жай менен анын башчысынын атына жөнөткөн суроосуна жооп ала албагандан кийин соттошуп баштаган.
Өз суроосунда ал, аталган уюмдагы кыйноого каршы күрөшүү тууралуу маалымат берүүсүн талап кылган.
Апрель айынын башында Рузиев Ысык-Көл областынын район аралык сотуна убактылуу кармоо изоляторунун башчысынын үстүнө арыз менен кайрылган.
Изолятордун өкүлдөрү сот отурумуна келишкен эмес, ошондуктан сот 14-майда убактылуу кармоо изоляторун укук коргоочунун суроосуна жооп берүүгө милдеттендирүү тууралуу өкүмүн алардын катышуусусуз кабыл алды.
Ошол эле күнү Рузиев дагы эки соттук ишти жеңип чыкты – сот убактылуу кармоочу жайды изолятордогу шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу билдирүүгө жана Ысык-Көл областтык администрациясын өнүгүү фондунун мүчөлөрүн таза тандап алуу кандай жолдор менен камсызданганын айтып берүүгө милдеттендирди.
Сот, өз чечимин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтардын ачыктыгы тууралуу мыйзамдын таасирине таянып чыгарган.
Аталган мыйзам Кыргызстанда 2006-жылы кабыл алынган жана ага ылайык, мамлекеттик органдар эки жума ичинде кайсыл гана жаранга болбосун суралган маалыматты берүүгө милдеттүү. Эгер мындай орган аны аткара албаса, кечиктирүүсүнүн себебин түшүндүрүп берүүсү зарыл.
Караколдогу убактылуу кармоочу жайынан комментарий алуу мүмкүн болбоду.
Азырынча изолятордун райондор аралык соттун чечими жокко чыгаруу үчүн жогору инстанциядагы сотко кайрылары белгисиз.
Токтакунов Транспорт министрлиги менен соттошууда
Рузиев менен дээрлик бир убакта, мыйзамда көрсөтүлгөн эки жумалык мөөнөттүн ичинде суроосуна жооп албаган башка укук коргоочу Нурбек Токтакунов, 14-май күнү транспорт жана коммуникация министрлигин сотко берген.
Бул укук коргоочу, 26-апрель күнү «Кыргызтелеком» акционердик коомунун директорлор кенешинин түзүлүүсү жөнүндө маалымат берүүсүн суранган, анын кожоюну мамлекет болуп эсептелет – бийликке акцияларынын 75 пайызынан көбү тиешелүү.
Директорлор кенеши, Токтакуновдун ою боюнча «одоно бузуулар» менен түзүлгөн – кенешке талапкерлер добуш берүүдөн 20 мүнөт мурун көрсөтүлүшкөн, дейт өзү да компаниянын акционерлеринин бири болгон укук коргоочу.
Өнөктөш болгон «Прецедент» группасынын башчысы «башта бир тизменин болгонун, 20 мүнөт калганда таптакыр башка тизме пайда болуп, жана бул тизме кимдир бирөөнүн берген тизмеси экендигинин түшүнүктүү болуп турганын» айтып берди.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү өз жообунда Токтакуновдун соттук арызы тууралу билбестигин айтты.
Министрликтин кабылдамасында «Кыргызтелекомдун» ишкердигине жооптуу болгон чиновник «чогулушта» экенин жана кабарчылар менен сүйлөшө албастыгын билдиришти.
Авторлор: Евгений Погребняк жана Любовь Шевченко
Редакторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Бектур Искендер
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы