Мирбек Атабековдун апасын тоноого шектелген адам кармалды

Шектүү 2-сентябрда Каракол шаарында кармалган. Милиция аны Бишкекке алып келип, тергөө изоляторуна киргизген. Мындан тышкары, милиция тоноого шектүүлөрдүн дагы экөөсүн издеп жатат.

Милиция кармалгандын машинасын тинтип, чынжыр боо менен сөйкөлөрдү табышкан, бирок азырынча табылган буюмдар тек гана Мирбек Атабековдун апасына таандыкпы же жокпу белгисиз.

Ырчы өзү укук коргоо органдарына ыраазычылыгын билдирген видео кайрылуу жарыялаган.

«Кылмышкерлердин эң башкы уюштуруучусу камакка алынды [...] Азырынча тергөө жүрүп жатат, ошо тергөөгө тиешелүү мамлекеттик органдарга, өзгөчө сот системасына, прокуратураларга кайрылып кетмекчимин: силерден ушул ишимди аягына чейин адилеттү карап беришиңиздерди өтүнөм», — деп айтты Атабеков.

Бирок кармалган шектүүнүн адвокаты Назира Абдумуминова 24.kg маалымат агенттигине жактап аткан адамына кыйноо колдонулганын билдирген. Абдумуминованын айтымында, колунда кармалган адамдын «денесине зазал келтирилгендиги тууралуу» травмотология борбору берген аныктамасы бар.

«Кардарымдын автоунаасына тинтүүнү мыйзамсыз жүргүзүшкөн. Мындан тышкары, аны Караколдун кафелеринин биринен кармап, күбө катары кол кишенде дээрлик бир сутка кармашкан. Шектүү тоноо болгон күнү бир иш-чарада жүргөнү тартылып калган видео бар», — деди адвокат.

Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан шектүүнүн адвокатынын билдирүүсүнө коментарий берүүнү убада кылышканы менен материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» кабарчысына эч кандай комментарий беришкен жок.

Ырчынын апасы Дариха Абдрахманованы 5-майдан 6-майга караган түнү тоноп кетишкен. Анын үйүнөн 60 миң доллар жана алтын буюмдар уурдалган.