Бутандык «Йидзин» клубун 11:2 упайы менен жеңип «Дордой» мөөнөтүнөн мурун АФК президентинин Кубогунун финалына чыкты. Мирлан Мурзаев беш гол киргизип мыкты чабуулчу наамына татыды.
«Непал Полис Клаб» менен болгон беттешүүгүдөй «Дордой» оюндун алгачкы мүнөттөрүндө демилгени алып кете албады.
Матчтын 18-мүнөтүндө гана Мирлан Мурзаев алгачкы голу киргизди.
Тогуз мүнөт өтпөй Мурзаев «Дордойго» дагы бир упай алып келди. Оюндун 39-мүнөтүндө Даврон Аскаров үчүнчү голду киргизди.
Көп өтпөй Бутандын чабуулчусу Ченчо Гельтшендин голунан кыргызстандык Максим Зинченко дарбазаны коргой албады. «Дордойдун» машыктыруучусу Сергей Дворянков биринчи номерде ойногон Владислав Волковду эс алууга жөнтүп, оюнчуну алмаштырды.
Биринчи таймдын аягында кыргызстандык чабуулчу Дэвид Тетте киргизген гол «Дордойдун» жеңишин кол жеткис кылды.
Тыныгууда Дворянков коргоочу Руслан Сыдыковду бразилиялык легионер чабуулчу Андерсонго алмаштырып, команданын тактикалык схемасын өзгөрттү.
Ошентип «Дордой» экинчи таймга беш чабуулчу менен аттанды, ошого карабастан Мурзаев жана Андерсон негизги чабуулчулар бойдон кала берди.
Экинчи таймдагы голдордун нөшөрүн 59-мүнөттө кыргызстандык жарым-коргоочу Клод Кум Мак баштады. Оюндун аягына чейинки жарым саатта «Дордой» катары менен жети гол киргизди.
62-мүнөттөгү Мурзаевдин голунан кийин, эки мүнөт өтпөй Андерсон биринчи голун киргизди. 70-мүнөттө Андерсон кайрадан гол киргизип мыкты дубль көрсөтө алды. 81- жана 87-мүнөттөрдө Мурзаевдин чабуулунан бутандыктар дарбазасын коргой албады. Бутандыктардын коргоосун Адыл Бекболотовдун голу талкалады.
«Йидзин» утулуп жатканына карабастан, оюндун аягында күч топтоп бутандык Вангди Тшеринг командасына экинчи упай алып келди.
Жыйынтык — 11:2.
Квалификациялык оюндарындагы биринчи матчта «Дордой» Непалдык «Полис Клаб» клубун 5:1 упайы менен утуп кеткен.
Ушинтип, бутандык футбол клубу «В» тобунан финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колунан алдырып жиберди.
Камбоджалык «Пномпень Краун» «Непал Полис Клабдан» 1:0 упайы менен жеңишти илип кетти.
Эки турдан кийинки «В» тобундагы командалардын абалы
- «Дордой» (Бишкек, Кыргызстан), 6 упай, 16 гол — 3 өткөрүп жиберген топтор
- «Пномпень Краун» (Пномпень, Камбоджа), 6 упай, 9 — 0
- «Непал Полис Клаб» (Катманду, Непал), 0 упай, 1 — 6
- «Йидзин» (Тхимпху, Бутан), 0 упай, 2 — 19
Акыркы турда Камбоджанын ордо калаасы Пномпенде «В» тобунун лидерлери «Дордой» жана «Пномпень Краун» беттешет.
Эки клуб тең мөөнөтсүз АФК президентинин Кубогунун финалына жолдомо алышты.
АФК президентинин Кубогунун тарыхында «Дордой» эң ийгиликтүү клубдардын бири.
«Дордой» 2006 жана 2007-жылдары турнирдин жеңүүчүсү аталган, мындан сырткары төрт жолу финалга чыккан.
Авторлор: Анатолий Шаршеев жана Бектур Искендер