Ош мэриясы ишкер Атамбаевдин туугандарына мыйзамсыз берилген батирлерди кайтарат

Июнь окуясынан кийин берилген батирлер. Сүрөт: Эрнист Нурматов / Azattyk

Ишкер Жалил Атамбаевдин туугандары 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалдан кийин компенсация катары төрт батир алган. Ош мэриясы кыймылсыз мүлктү кайтарып алганы турат, анткени алар мыйзамсыз берилген.

Муниципалдык мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова «Клоопко» мэрия бизнесмен Жалил Атамбаевдин жакындарына 2010-жылдагы жаңжалдан кийин берилген төрт батирдин жашоочуларын үйдөн чыгаруу боюнча сотко арыз даярдалып жатканын билдирди.

«Жалил Атамбаев өрттөнүп кеткен бир турак жайынын ордуна төрт батир алган. Бул коомчулукка белгилүү болгондон кийин шаардык прокуратура кылмыш ишин козгогон. Төрт жылдык соттук териштирүүдөн кийин Жогорку сот 2018-жылдын 30-июлунда аталган батирлер Ош мэриясынын балансына кайтарылсын деген чечим чыгарган», — деди Имарова.

Имарованын айтымында, Жогорку соттун токтому 2018-жылы июлда эле чыкканына карабастан, мэрия батирлерди эми эле кайтара баштаган, анткени муниципалитетте жыл ичинде юристтер алмашкан.

«Бул аралыкта эки юрист алмашкан, батирлерге байланыштуу ишти түшүнүп андан ары алып кетүү үчүн убакыт керектелди», — деп түшүндүрдү ал.

Атамбаевдин үйү 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө этникалык кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон жаңжал маалында өрттөлгөн.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына ылайык, ишкер компенсацияны көбүрөөк алыш үчүн үйүнүн жер тилкесин арткы дата менен төрт жакын тууганына каттаткан. Өз кезегинде алардын ар бири батирлер алышкан.

Жалил Атамбаев ишин көбүнесе Кыргызстандын түштүгүндө жүргүзгөн бизнесмен катары белгилүү. Финполиция 2019-жылы июлда 40 млн сомдук салык жашырган эки компаниясын тапкан.

Аталган факт «Азаттыктын» иликтөөсү жарыялангандан кийин аныкталган. Анда автор Ыдырыс Исаков бизнесмен тарабынан жасалган салыктарды жашыруу схемасын айтып берген.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин Атамбаев Исаковдон 50 млн сом талап кылган, бирок активисттер, айрым депутаттар жана журналисттер иликтөөчүнү колдоп чыгышкан. Ошондон кийин ишкер дооматын кайтарып алган.