Атамбаевдин жансакчысы кармалды. Ал Кой-Таштагы операция учурунда адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди кармады. Ал бир нече беренелер боюнча шектелип жатат, анын ичинде Кой-Таштагы атайын операция учурундагы «Адам өлтүрүү» беренеси да бар.

Жансакчынын адвокаты Замир Жоошев Сагымбаев мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүн штурмга алууга байланыштуу иш боюнча шектүү катары кармалганын маалымдады.

Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин жансакчысы төрт берененин негизинде шектелип жатат: «Адам өлтүрүү», «Кызыматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» жана «Массалык башаламандык уюштуруу».

«Ал УКМКнын “Альфа” спецназынын кызматкерин өлтүргөн деп жатышат. Коргоп жаткан адамым башка эч нерсе билбейт», — деп айткан адвокат 24.kg басылмасына Сагымбаев кармалгандан кийин.

КСДПнын өкүлү Кундуз Ажибекова жансакчынын аскер формачан адамдардын курчоосунда кол кишенчен турганы тартылган видеосун жарыялады.

«Сагымбаевди Кызыл-Аскерде жайгашкан Бишкектин гарнизонуна алып кетишти. Ал азырынча 48 саатка камалды», — деп жазган ал.

Башкы прокуратура комментарий бербей, журналисттерди суроо менен ИИМге кайрылууга жөнөттү. ИИМдин басма сөз кызматынан Сагымбаевдин кармалышы тууралуу маалымат алыша электигин билдиришти.

УКМКдан бошотулган жансакчы

Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынын аскери жумушунан Кой-Таштагы операциядан бир ай өткөн соң бошотулган — жансакчы Атамбаевдин тарабында болгон, анткени мурдагы президентке макамы боюнча мамкүзөт каралган болчу.

Кызматтан алууга Сагымбаевдин «кызматына толук шайкеш келбегени» себеп болгон. УКМКдан Сагымбаев «ички тартиптерге карабастан ЖМКлар байланышка барганын», кызматтык куралды өткөрүп бербей койгонун жана атайын техниканы кайтарбаганын билдиришти.

Мурдагы президенттин тарапкерлери, анын ичинде адвокат Замир Жоошев, Сагымбаевдин бошотулушу ал видео кайрылууда Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганына байланыштуу деп эсептешет.

Сагымбаев өзү Атамбаевди президент болуп турган учурдан тарта бери күзөттөп жүргөн болчу.