Милиционер айдоочу менен «жол талаша кетип» курал колдонду. Бишкек ШИИБинен муну «коргонуу» деп аташты

9-октябрь күнү кечинде «Вести» басылмасы Бишкекте Масалиев жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде милиционердин катышуусунда ок атуу болгонун кабарлады.

Анда 25 жаштагы бала жабыркаган. Анын сол колуна ок тийип, ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу «милиционер аны жол чырактан кысып чыккандан» кийин кайым айтышуу болгонун басылмага айткан.

Кийинчерээк ок чыгарган милиционер Бишкек ШИИБинин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Нурлан Амангулов экени белгилүү болгон.

Бишкек ШИИБинен милиционер жаш жигитти экөө «жол талашып кетишкендиктен» атып жибергенин билдиришти.

Ведомствонун версиясына ылайык, Амангулов, машинасынан чыгып, өзүн милициянын кызматкеримин деп тааныштырып, жумушка шашып жаткандыгын айткан. Бирок жаш жигит «аны этибарга албай койгон».

Бишкек ШИИБинен кабарлашкандай, «кайым айтышуудан» кийин жаш жигит Амангуловду бетке чапкан. Милициянын кызматкери, «өз өмүрүнө коркунуч келип жатканын көрүп», жеке травматикалык тапанчасын чыгарып, абага эскертүү огун чыгарган.

«Бирок [айдоочу] милиция кызматкерине чабуулун уланта берип, ошого байланыштуу Амангулов баланы көздөй аткан. Ошондон кийин [айдоочу] машинасына отуруп, белгисиз тарапка изин суутуп кеткен», — деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.

Жабыркаган жаш жигит милициянын Ленин райондук бөлүмүнө арыз жазып, факт КЖБРге «Бейбаштык» беренеси менен катталган. Ок чыгарган милицияонерге карата кызматтык иликтөө дайындалган.