Атабековдун апасын тоноо. УКМК шектүүнүн кыйноого алынышы мүмкүндүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады

Ырчы Мирбек Атабековдун апасын тоноого шектелген адамдын адвокаты Назира Абдумуминова «Клоопко» кабарлагандай, УКМК Октябрь райондук криминалдык милиция кызматкерлеринин шектүүнү кыйноого алгандыгы тууралуу арыз боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады.

«Алар [КМК кызматкерлери] тумчуктуруу үчүн ага противогаз кийгизип, кыр арка сөөгү менен бел жактагы бөйрөктөрүнө уруп-согушкан», — деп айтты адвокат.

Абдумуминованын айтымында, арыз «Кыйноолор» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган, учурда ал иш тергөөчүдө.

«Жакынкы күндөрү, балким бүгүн биздин коргоого алган адамыбызды сурак үчүн алып барышат деп убадалашкан. Бирок [кармалгандан кийинки] эки ай бою эч кандай кыймыл-аракеттер болгон эмес. Анын апасынын даттанууларынан, көптөгөн кайрылууларынан жана басма сөз жыйындан кийин гана [тергөө] бир аз иштей баштаган», — деди ал.

Материал жарык көрөөр алдында УКМК басма сөз кызматы комментарий үчүн жеткиликсиз болду.

Ырчы Мирбек Атабековдун апасы Дариха Абдрахманованы 5-майдан 6-майга караган түнү тоноп кетишкен. Анын үйүнөн 60 миң доллар жана алтын буюмдар уурдалган.

Шектүү 2-сентябрда Каракол шаарында кармалган. Анын унаасын тинтүү учурунда милиция чынжыр боо менен сөйкөлөрдү тапкан, бирок азырынча табылган буюмдар тек гана Мирбек Атабековдун апасына таандыкпы же жокпу белгисиз. Милиция кармалган адамды Бишкекке алып келип, тергөө изоляторуна киргизген. Мындан тышкары, милиция тоноого шектүүлөрдүн дагы экөөсүн издөөнү улантып жатат.

Кармалган баланын апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан иштин тергөөсүн жеке көзөмөлгө алууну өтүнгөн. Шектүүнүн апасы милиционерлер ишти жабыш керек болуп, анын уулуна бут тосуп коюшкан деп эсептейт.