Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Бишкектин борборундагы «Антошка» кафесинде болгон жарылуудан кийин Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жети адам түшкөн.

Күйүк терапия бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Жумагулова аларга түшкөн беш жабырлануучунун абалы учурда туруктуу экенин, ал эми экөөсүнүкү — дагы деле оор экенин кабарлады.

«Эки адам оор абалда, бирок алар жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Дагы беш адам амбулатордук дарылоодон өтүп жатышат, алар болгону [жарааттарын] таңдырууга гана келип кетип жатышат», — деп түшүндүрдү Жумагулова.

Жарылууда жабыркагандардын бирөөсү — 18 жаштагы Максатай Жаныбек кызы — учурда ооруканада жатат, каргаша болгон күнү ал анчейин маанилүү эмес күйүктөрдү алган.

Кыздын айтымында, жарылуу болгон учурда курбусу экөө кафеде тамактанып жатышкан.

«Ошол күнү түшкү тамак учурунда столдун баары бош эмес эле. Биз “даң” деген үндү угуп, бир мүнөттөн кийин эле жарылуу болду. Биз качып чыгып кетүүгө араң жетиштик. Чыга турган эшикке чуркап келсек адам өтө көп топтолуп калыптыр. Адамдардын саны көп болгондуктан чыга албай калдым, ошондуктан эшиктин артында турган киши мени имараттын ичинен сууруп чыкты», — деп эскерди ошол күндү Жаныбек кызы.

Ал бардык керектүү жардамды алып жатканын, бирок Бишкектин кафелеринде өрт коопсуздугун этибарга алышпаганына кабатыр экенин айтат.

«Мен бул кокустук экенин түшүнөм, бул жерде эч кимдин кунөөсү жок. Бирок окуянын курмандыгы катары ыза болуп калдым, анткени мен алар өрт коопсуздук эрежелеринин бардыгын сакташпаганын түшүнүп турам», — деп ой бөлүштү Жаныбек кызы.

Жарылуу учурунда жабыркаган Гулияр Бакиевдин эжеси Ситора Умарбаева иниси дагы деле сүйлөй албай жатканын, бирок бир аздан тамактана баштаганын айтты.

Ал жарылып кеткен имаратты ижарага алган адамдын үй-бүлөсү жабыр тарткандардын ал-акыбалын дайыма келип сурап, материалдык жардам берип атканын билдирди.

«Ижарага алган адамдын балдары эмне керек экенин дайыма келип сурап кетип жатышат. Бир нерсе кылып жардам бергенге аракет кылып атышат», — дейт Умарбаева.

Газ баллондордун жарылуусу

Жарылуудан улам кафе курулган имараттын экинчи кабаты кошо жабыркаган. Сүрөт: Анна Капушенко

«Антошка» кафесиндеги жарылуу 8-ноябрь күнү Бишкектин борборунда орун алган. Кафе Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан. Милициянын алдын ала версиясы боюнча, кафеде газ баллон жарылып кеткен.

Жарылуудан улам жана андан кийинки чыккан өрттүн кесепетинен кафенин чатыры кулап түшкөн. Жарылуу толкунунан ошондой эле кафе курулган имараттын экинчи жана үчүнчү кабаттары жабыркаган.

Милиция өрт коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы менен кылмыш ишин козгоп, эртеси күнү, 9-ноябрда кафени ижарага берген адамды кармаган. Бирок кийинчерээк сот аны үй камагына коё берүү чечимин чыгарган.

Жабыркагандардын бирөөсү Илья Ильиченко «Клоопко» сот чечимине каршы доосу жок экенин айтты.

«Бул кокустук, эч кми атайлап жасаган жок да. Эң башкысы, абалым туруктуу болуп калды жана күн сайын жардам берип жатышат», — деди ал.

Кафенин чатыры толугу менен кулап калган. Сүрөт: Анна Капушенко

Учурда «Антошкадагы» жарылуу боюнча иш өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүнө алынган. Милиция окуяны иликтөөнү улантып жатат.

Мындан тышкары, Бишкек ШИИБнин башчысы Канат Жумагазиев шаардагы бардык тез тамактануу жайларын, бала бакчаларды жана мектептерди өрт коопсуздугуна текшерүү жүргүзүүнү сунуштады.

Материалдын үстүндө иштегендер: Алтынай Нурбекова, Карина Байлярова, Айпери Абдысалам