Ош шаардык милициясы ооруканадан качып кеткен шектүүгө издөө жарыялады

Ош ШИИБи 17-декабрь күнү саат 13:00 чамасында шаардык ооруканадан качып кеткен Алмаз Калдыбаевге издөө салды. Карактоого шектелген Калдыбаев башынан жаракат алгандыгына байланыштуу нейрохириургия бөлүмүндө милиционерлердин кайтаруусунда дарыланып жаткан.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков шектүүнүн ооруканадан кандай шартта качып кеткендиги боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын «Клоопко» маалымдады.

«Шектүү 27-ноябрь күнү бирөөнүн үйүнө кирип буюумдарын жана акчаларын алып жаткан жеринен кармалган. Ал ошол эле күнү ооруканага жаткырылган. Анткени жыгылып башынан жаракат алган эле. Баш сөөгү сынып кеткенине байланыштуу опереция болгондуктан жаткырылган», — деди Сыдыков.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Каракчылык» беренеси менен катталган. Шектүү Кара-Суу районуна караштуу Лангар айылынын тургуну болгон.