Бишкекте «Республика» партиясынын кезексиз съезди болуп өттү. Ага саясаттан кеткен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да катышты. Ал саясаттан кетээрин жана партиянын төрагалык оруну бошогонун билдирди.

«Саясий ишмердигимди жайынтыктап жатканымди кабарлагым келет. Тууну жаш муунга өткөрүп берүүгө убакыт келди. Жаңы лидер катары Мирлан Жээнчороевди көрүп турам. Мен аны сөзүнө бек турган адам катары билем. Ал өлкөбүздүн, партиянын келечегине чоң салып кошо алат деп ишенем. Реформалар улана берет», — деди Бабанов. Партиянын жаңы лидери болуп Мирлан Жээнчороев шайланды.

Бабанов буга чейин да саясаттан кетээри жөнүндө айтып келген. Бул ал президенттик шайлоодон жеңилгенден кийин болгон. Анда ал өзүнө каршы козголгон кылмыш иштеринен улам өлкөдөн буактылуу чыгып кеткен. Үстүүздөгү жылдын августунда кайтып келген соң убадасына туруп саясатка аралашкан жок. Бабанов өзүнө сегиз кылмыш иши козголгонун айткан, тагыраагы Финполдо төрт жана УКМКда төрт иш. Бабановдун иши боюнча Финпол «Кыргызстан» банкына караштуу 16 кыймылсыз мүлк объектисин камакка койгон.