Ош шаарынын борбордук аянтына 31-декабрь күнү 13 миңге жакын адам чогулду. Аянтта концерттик программа уюштурулуп, балдар үчүн арналган оюн-зоок менен коштолду. Кечки майрамдык иш-чарага мэр Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышышты.