Кыз зордуктаган педофил Талас облусунда кармалды

Талас облусунун Манас районунда милиция кызматкерлери тарабынан беш жашар кызды зордуктагандыгы боюнча шектелген адам кармалды. Кармалган адам 11-апрель күнү үйдө кыздан башка эч ким учурда кирип келип, зордуктаган деп болжолдонуп жатат. Айыпталуучу күнөөсүн моюнга алуудан баш тартууда.

Милиционерлер кызды зордуктоо боюнча Манас районундагы 24 жашар жумушсузду шек санап жатышат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы тарабынан участкалык инспектор зордуктоо боюнча арыз түшкөндөн кийин оперативдик-тергөө иштерин жүргүзүп, эртеси күнү зордуктоо боюнча шектелген адамды кармаган деп билдирүүдө.

Тергөө иштеринин талабы боюнча зордукчулду кармоо боюнча жагдай-шарттар жарыяланбайт.

Шектелген адамдын үстүнөн соттук-экспертизалык, соттук-биологиялык, соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган.

Жабыр тарткан кыз ооруканага жеткирилип, операцияга даярданууда, анын ден соолугуна оор залака келтирилген, азыр ал оор ахыбалда.

Кыз менен психолог иштешип жатат.

ИИМдин билдирүүсү боюнча кылмышкер энеси кошуналарга жардам бергени кеткенде, үйгө кирген да, кыз уктап жатканда кол салган.

Тергөө иштеринин боолголоосу боюнча кызды байкап калган зордукчул аны башка бөлмөгө алып барган да, зордуктаган.

Кылмышкердин адвокаты Алтынай Джаманкараева «Клоопко» айыпталып жаткан адам өзүнүн күнөөсүн моюнуна албай жатат деп билдирүүдө.

Анын сөзү боюнча кармалган чын эле 11-апрелде жабыр тарткандын үйүндө болгон.

Джаманкараева кыздын энеси менен кылмышкер ойноштук кылып жүрүшкөн деп айтууда.

Адвокат анын талабын жактаган адамы үйдө эч ким жок экенин билгенден кийин, кирбей кетип калган деп айтууда.

Коргоочу тарап биологиялык экспертизага таянып жатат, Джаманкараеванын ою боюнча бул шектелүүчүнүн күнөөсүздүгүн далилдейт.

Бир айда эки окуя

ИИМ апрелдин башынан бери Кыргызстанда экинчи жолу зордуктоо болгондугу жөнүндө билдирүүдө.

Милиция зордуктоо боюнча шектелген кишини 9-апрелде Бишкектин «Аламедин-1» кичи районунда кылмыш кылып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Ал милиция тарабынан 6-8 жашар кызды зордуктап жаткан жеринен кармалган.

Жаш балдарды зордукчул деп шектелген адам кичи райондун жанындагы Лебединовка айылынын 36 жашар тургуну болуп чыкты.

2011-жылдын башынан бери Балдарга кордоо жана ырайымсыз мамиледен жардам берүү борбору тарабынан балдарды зордуктоо боюнча 8 учурду каттаган.

Автору: elvira akimova

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева