Маалымат жаңыртылып, окуяга байланыштуу кыска тасма кошулду

Чек арага чектеш Казакстандын Масанчи айылында чыккан жаңжалдан улам сегиз адам каза таап, ондогон киши жаракат алды. Анын ичинде октон жарадар болгондор да бар. Аталган айылда негизинен дунгандар жашайт.

Казакстандын дунган диаспорасы Кыргызстандагы диаспорага Масанчи айылынын тургундарына жардам берүүнү суранган. Алар чыр-чатак андан ары өрчүп кетишине кооптонуп казак-кыргыз чек арасын көздөй жөнөшкөн эле. Негизинен чек араны аялдар менен балдар кесип өтүштү. Аларды кыргызстандыктар тосуп алышып — көпчүлүгүн жергиликтүү дунгандар түзүшөт — ысык тамак-аш жана суусундуктарды беришти. Ошондой эле адамдар унаалары менен качкындарды тууган-туушкандарыныкына же өз үйлөрүнө жеткирип жатышты.

«Диаспорадагылардын баары жардамга келишти. Ачка калышпасын деп ысык тамак-аш даярдап жатабыз. Башкы максат биздин балдар чагымчылдыкка алдырбашы керек», — деди дунгандардын кыргыз ассоциациясынын төрагасы Карим Ханджез. Анын айтымында, чек ара бекеттерине Масанчинин жашоочулары менен туугандык байланыштары бар кыргыз дунгандары келишти. Кыргызстанда туугандары жок дунгандарга да жергиликтүүлөр баш паанек жана тамак-аш берүүгө даяр турушат.

Кыргызстанга келгендердин биринин айтымында, көпчүлүк эркектер үй-жайын коргоп калышкан. Бирок алар да Кыргызстанга келишет. Тирешүүдө бир гана Масанчи айылынын тургундары эмес, жалпы төрт айылдын жашоочулары жабыр тарткан. Алар коопсуздук издөө үчүн Кыргызстанга жөнөшкөн. Мурдараак Казакстадын укук коргоо органдары жаңжал бир нече айылда орун алганын тастыктаган.

Казакстандан келген киши дагы, кыргызстандык милиционер да журналисттерге 10 миңдей адамдын келиши күтүлүп жатканын айтышты. Адамдар чек араны 7 февралдан тарта кесип өтүшүүдө. Алардын чыңалып, коркуп турганы бакалууда, айрымдары көз жашын төгүшүүдө.

«Эгерде сен дунган болсоң — эч нерсе айтпастан баары сени сабашат. Мурда мындай болгон эмес», — деп айтты биз менен маектешкендердин бири. Анын айтымында чыр жолдо орун алган жаңжалдан улам башталган. «Жолду талашышты», ушундан улам тирешүү башталып бир нече айылды камтыган.

Кыргызстандык ыктыярчылар жана активисттер милиционерлер менен биргеликте чек арада күзөттө турууну улантышууда. Акыркылары коомдук тартипти камсыз кылышса, ыктыярчылар келгендер көчөдө калып калбашын көзөмөлдөшүүдө.

Карим Ханджездын айтымында, кыргыз бийлиги дунган диаспорасына кайрылып жабырлануучуларды жана жаңыдан келгендерди тамак-аш жана убактылуу турак жай менен камсыз кылууга жардам берүүнү сунуштады.

«Азырынча өзүбүз жетишип жатабыз», — деди Ханджез. Ал бийлик өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарына ыраазычылыгын билдирип өттү.

Материалдын үстүндө иштегендер: Алмир Алмамбетов, Александра Титова жана Рустам Халимов

Которгон: Элвира Султанмурат кызы