Бишкектин мэриясынын 164 млн. карызы үчүн газын өчүрөт

Шаардык бийлик беш айдан бери жаратылыш газы үчүн 164 миллион сом карызын төлөбөгөн жана ошону үчүн газдан өчүрүлөт. «Кыргызгаздын» маалыматы боюнча карыз болгон бир нече мамлекеттик ишканалар бар. Кыргызстан жалпысынан алганда Казакстанга 350 миллион сом карыз.

Мэрия карызды жергиликтүү бюджетте акча жоктугуна байланыштуу төлөнбөй жатат деп түшүндүрүүдө дейт Бишкектин газ чарбачылыгы боюнча башкармачылыктан жетекчиси Таалайбек Далбаев.

Мэриянын басма сөз кызматында жергиликтүү бюджет бекилмейинче газдын карызын төлөөгө каражат жок деп билдиришкен.

Далбаев мэрия «Бишкекгазга» карыз болгон, ал болсо Казахстандын «Казтрансгазынан» «Кыргызгаз» аркылуу алынат дейт.

Эгерде мэрия карызды 1-майга чейин төлөбөсө, газдан өчүрүлөт.

Анын сөзү боюнча 2012-жылдын мартында карыз 200 миллионго жакын эле, бирок шаардык бийлик 30 миллион сомун төлөгөн.

«Мэрия такай төлөбөй келет. 1-майдан баштап, бир болсо Казакстан жактан газды өчүрүп коюшу мүмкүн, алар бекер бере коюшпайт да», – дейт Далбаев.

Карыз болгондордун ичинен мэриядан башка бир топ мамлекеттик структуралар жана мамлекеттик ишканалар бар, мисалга «Кыргызжилкоммунсоюз», «Бишкек жылулукэнерго» жана Кант цемент-шифер заводу.

«Кыргызгаздын» басма сөз катчысы Жайнагуль Максимова «Клоопко» берген интервьюсунда «Казтрансгаз» Кыргызстан тарабынан «чоң суммадагы карызы үчүн» газ берүүнү токтотуп коюшу мүмкүн. Газга болгон карыз жалпысынан 350 миллион сомду түзөт.

«Газ – бул товар, ал келишимдин шарты боюнча импорттолот, «Кыргызгаз» газды алдын ала төлөп алат», – дейт Максимова.

Анын сөзү боюнча эгер бир чара көрүлбөсө газ берүүчүлөр келишимдин шартындагы «радикалдуу чараларды» көрүшү мүмкүн, мындайча айтканда газды берүүнү токтотуп коюшу мүмкүн.

Мындай шартта Кыргызстандын түндүгүндөгү – Казакстан аркылуу газ менен камсыздандырылып жаткан тарабы мамлекеттик структуралардын карызынын айынан «көгүлтүр отсуз» калышы мүмкүн.

Далбаев андай болсо да калк кыйналбайт деп ишендирип кетүүдө.

«Калкты эч ким тийбей, алар убагында эле төлөп келе жатышат», – дейт ал.

Өндүрүш, энергетика жана жылуулук ресурстарынын министринин жардамчысы Арлан Осмонжанов «Клоопко» берген интервьюсунда ведомство Казакстан тарабынан өчүрүүгө жол берилбестигин айтып кетти.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Улугбек Акишев и Бектур Искендер
Фотосүрөт «Комсомольская правда. Кыргызстан» гезитинин сайтынан
Которгон: Айсулуу Көкөева