ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Милиция Бишкектин 3-кичи районунда кол салгандыгы боюнча шектелген адамды кармады [1:22да жаңыланган]

Куралданган адам Бишкектин 3-кичи районунда бир адамды өлтүрүп, аз дегенде бир адамды жаракат кылган. Милиция районду курчап, шектүү делген адамды кол салуу болгондон жети сааттан кийин кармады.

Эгерде сиз азыр 3-кичи районунда болуп, болуп жаткан окуя боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү комментарийлер үчүн формага жазыңыз же +996 558 536355 номерине СМС/ММС жибериңиз.

1:22 Милиция 3-кичи районунда кол салгандыгы боюнча шектелген адамды кармады.

«Клооптун» корреспонденттери шектелген кол салуучуну Октябрь райондук ИИБине милициянын машинеси менен алып келишкенине күбө болушту.

Ал джинсы жана ачык түстүү жол-жол футболка кийген, кийиминде кандын тактары бар дейт окуя болгон жерден кабарлаган «Клооптун» корреспонденти Илья Каримджанов.

Октябрь районунун ИИБинин бир тергөөчүсү кол салуучуну шаардын ортосунда, «Народный» супермаркетинин биринде кармашканын, бирок жанында бычак жок болгондугун айтты.

Милиция азырынча кошумча маалымат бере элек, бирок толугураак маалыматты кечиреек беришин убада кылууда.

0:46 «Клооптун» корреспонденттерине тез жардамдын билдирүүсү боюнча Бишкекте акыркы суткада бычактан беш жаракат алуу болгондугун жана анын төртөө 3-кичи райондогудай кол салууга тийиш эмес болушу керектигин айтууда. Себеби алар шаардын башка бөлүгүндө болгон.

0:24 3-үйдөгү, өзүнүн квартирасынын эшигинин алдында жаракат алган кишинин ден соолугу туруктуу оор деген баа берилүүдө доктурлар тарабынан.

Кол салган адам анын сол көкүрөгүнө бычак урган, бычак жүрөгү менен өпкөсүнө тийип кеткен.

73 жаштагы киши 3 литр кан жоготкон деди «Клооптун» корреспонденттерине Улуттук хирургиялык борборунун торакалдык жана торакоабдоминалдык хирургиянын бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Акматов.

Дарыгерлер жарат алганды УХБга 18:50дө келгенден баштап эки саат бою операция жүргүздү деди Акматов.

0:10 Октябрдык РИИБде айыпталуучунун фотороботу түзүлгөнүн, бирок ал жарыяланбай тургандыгын айтышууда.

Кол салган киши али колго түшө элек дешүүдө «Клооптун» корреспонденттери РИИБдин мекемесинен.

23:43 3-кичи районунун бөлүмүнүн милиционерлери «Клооптун» корреспонденттерине кол салган адамдын ким экендигин аныкташкандыгын жана аны эртеңкиге чейин кармашаарын дагы бир жолу ырасташты.

Алар киши өлтүрүүчүнүн психиатрдык ооруканадан качкан оорулуу экендигине басым жасашууда.

23:26 Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун күзөттөгү санитары Назира Дандекова алардын борборунан акыркы убакытта эч ким качпагандыгын деп айтууда.

«Эгер бирөө качса биринчи учурда күзөт бөлмөсү билмек», — деди ал «Клооптун» журналисттери менен сүйлөшүүсүндө.

ПДРБда милициянын тобу келип кетишти дейт ал. Анын сөзү боюнча алар 3-кичи районундай эле, Бишкектин түштүк жагында жайгашкан оорукананын жанын «сыдырып» жатышат.

23:17 ИИМдин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов «Клоопко» берген интервьюсунда кол салуулардан бир адам көз жумуп, экөө жарадар болгондугун айтты.

Бирок буга чейин милициянын бөлүмүндө «Клооптун» журналисттерине милициялар эки кол салуу болду деп маалымдашкан.

3-үйдөгү өзүнүн квартирасында кол салууга дуушар болгон киши учурда Улуттук хирургиялык борбордо жатат. Ал 73 жашта. Анын үйүндө карап калган досу дарыгерлердин айтканын келтирип, жарадар болгондун абалы «орточо» деди.

23:06 «Клооптун» журналисттерине 3-кичи районунун милициясынын бөлүмү кол салган адамдын ким экендиги такталгандыгын жана анын аты тергөөнүн кызыкчылыгында жарыяланбай тургандыгын билдирген.

Журналист сүйлөшкөн милициянын лейтенанты кол салган адамды «кем акыл» деп, анын психикалык ден соолугунда проблемалары бар экендигин айткан.

ИИМдин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов бул боюнча министрликтин деңгээлинде расмий билдирүү жоктугун билдирип, бирок дүйшөмбүдө даяр болоорун айткан.

22:43 Хрониканын башында жарыяланып, бирок далилденбеген кээ бир маалыматтар үчүн кечирим сурайбыз. Бул хроникада такталбаган маалыматтардан баары сакталып, бирок чийилип берилди.

Маалыматтар учурда абдан көп келип, карама-каршы да болууда. Буга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз, «Клооп» баарын кайра текшергенге аракеттенүүдө.

22:33 3-кичи районунун бөлүмүнүн милиционерлери эки кол салуу болгондугун — бирөө 7-үйдүн жанында өлүмгө алып келген, экинчиси 3-үйдүн жанында болгондугун такташты.

Октябрь РИИБнин тергөөчүлөрүнүн билдирүүсүндө адамды өлтүрүү болжолу менен 18:30да болгон.

3-үйдөгү окуя чамасында кечирээк өткөн.

Кол салган адам психиатриялык оорукананын оорулуусу болгон деген маалымат азырынча алдан ала айтылып, тастыктала элек, дешти «Клооптун» корреспонденттерине 3-кичи райондун милиция бөлүмүндөгүлөр.

Милиция кичи районду кайтарууда, корреспонденттер 6-7ден турган бир патрулду көргөн.

22:20 «Клооптун» корреспонденттери 7-үйдөгү кары адамдын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматты такташты — жаңы маалыматтарга караганда, ал ошол учурда кичинекей балдар менен болгон эмес.

Көз жумгандын небересинин айтуусу боюнча кол салуу чоң атасы дүкөндөн келе жатканда болгон.

Азыр 3-кичи районунун көчөлөрүндө адамдар сейрек дешүүдө «Клооптун» корреспонденттери. 7-үйдүн подьезддеринде домофон орнотулган, жашоочулар өзүлөрүнүн квартираларында жабынып алышкан.

Үйдүн жанында милиция кайтарууда.

3-үйдө — өзүнүн үйүнүн эшигинин жанында кол салууга дуушар болгон бөлөк кишинин — бир да подъездинде бир да домофону же коду болгон эмес. Бул кол салуучунун подъездге киришине тоскоолдук жараткан эмес.

Азыр ал жерде да милиция бар. Кол салуучу азырынча табыла элек.

22:03 3-кичи районунун 3-үйү. Бул жердин жашоочуларынын бири жаракат алган:

21:44 Көз жумган адам 7-үйдүн жанында кол салууга дуушар болгон дешет «Клооптун» корреспонденттери менен баарлашкан короодогу жашоочулар. [Кийинки маалымат далилденген жок]

3-үйдүн жабырлануучусу өзүнүн үйүнүн эшигинин алдында кол салууга дуушар болгон. Маңдайдагы кошунасы «Клооптун» корреспонденттерине кол салган киши биринчи үйгө коңгуроо кагып, үй ээси эшикти ачкан соң бычак менен сайып жиберген деп айтып берди.

Жарадар кошунасынын эшигине чейин жеткенге күч тапкан, кошунасы тез жардамды чакыртып берген.

Анын эшигинин алдындагы тепкичте көп кан төгүлгөн дешет окуя болгон жерге барып келген «Клооптун» корреспонденттери.

21:31 «Клооптун» корреспонденттери азыр милициянын бөлүмдөрүнүн биринде отурган мерт болгондун неберелери менен сүйлөшүштү.

Алар өзүнүн чоң атасын кантип өлтүргөнүн көрүшкөн жок, бирок болжолдонгон өлтүрүүчүнү чоң атасынын өлүмү жөнүндө уга электе эле 3-кичи районунун башка короосунда көргөндүгүн айтып жатты.

Алар аны кара футболка, ачык түстүү джинсы кийген эркек деп баяндап беришти.

Алардын сөздөрүнүн чындыгы али далилдене элек.

21:26 [Маалымат далилденген жок] Кол салган адам али табыла элек.

Кылмыш тинтүүнүн тергөөчүсү «Клооптун» корреспонденти менен сүйлөшүүсүндө кол салуучунун ким экендиги аныкталгандыгын айтты. Ошондой эле милиция кол салуучунун психиатрдык ооруканадан качып чыккандыгын айтып жатышат.

21:18 «Клооптун» корреспонденти окуянын болуп жаткан жеринен мерт болгон адам 3-кичи районунун 7-үйүндө жашаганын жана ага белгисиз адам бычак менен кол салган кезде ал короодо балдар менен сейилдеп жүргөндүгүн айтып жатат.

Азыр тергөөчүлөр мерт кеткендин үйүндө.

Дагы бир жаракат алган адам 3-кичи райондун 3-үйүнүн жашоочусу, учурда ал ооруканага жеткирилди.

Авторлор: Бектур Искендер, Раим Досункулов,
Михаил Савочкин жана Илья Каримджанов

Которгон: Айсулуу Көкөева