Кара-Кулжада мектеп толугу менен өрттөнүп кетти, жабыркагандар жок

"Сагындык" атындагы орто мектебинин өрттөнүп жаткан учуру. Сүрөт: Гүлназ Кубатбек кызы 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылында жайгашкан «Сагындык» атындагы орто мектеби толугу менен күйүп кетти. Өрттөн каза болгон жана жабыркагандар жок. Бул туралуу «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

«Өрт тууралуу 17-февралда 23:00 чамасында маалымат түшкөн. Бирок жолдун татаалдыгына жана узактыгына байланыштуу кызматкерлер 18-феврала таңкы саат 7:40да жеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда», — деди Шерипова.

Аталган мектептин директору Карыбек Матенов «Клоопко» мектеп меш менен жылытылып келгенин кабарлады. Ал эми өрттүн келип чыгуу себебин электр чубалгылардан көрүп жатканын айтты. Мектеп жамааты тилсиз жоодон бир гана китепкана менен төрт класстын парта жана отургучтарын сактап кала алышкан.

«Негизинен мектеп толук күйүп кетти. Бир да документтерди алып чыкканга үлгүрбөй калдык. Ошол мектептин жанында эки бош турак жай бар эле, азыр үй ээлери менен макулдашдык. Мындан ары эми окуучулар ошол имаратта убактылуу окуп турушат. Учурда жамаат менен даярдоо иштерин аяктап калдык, доскаларды илип, жарыкты киргизип алсак болду», — деди Матенов.

«Сагындык» атындагы орто мектебинде 19 мугалим иштейт жана 108 окуучу билим алат.