Өткөн жылы алты прокурор кызматынан алынган

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, өткөн жылдын натыйжасында Кыргызстан боюнча 30дан ашуун прокурор тартиптик жазага тартылган. Алардын көпчүлүгүнө сөгүш жарыяланган — 24. Ошондой эле төрт прокуратура кызматкерине эскертүү берилип, калган жетөөгө сын пикир айтылган.

Ал эми Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөтүлгөн. Мындан сырткары өткөн жылы алты прокурор кызматынан алынган. Алар прокуратура кызматкеринин аброюна шек келтирген деп айыпталган.

Ошол эле жылы мекеменин Өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү 34 күтүүсүз текшерүү учурунда прокурордук-тергөөнүн 245кызматкери эмгек жана кызмат дисциплинасын бузганы аныктаган. Натыйжада алар тартип жоопкерлигине тартылган.