Кыргызстандын Жогорку соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин 25-февралда кайрадан карап баштайт. Ага карата 2010-жылы эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган, көптөгөн укук коргоочу уюмдар аны абийир туткуну деп эсептешет.
Аскаровдун иши Кыргызстанда 2010-жылдардын башында эң эле резонанс жараткан темалардын бири болгон. Бүгүн ал тууралуу сүйлөшкөндөр аз, өзгөчө сиз он жыл мурда жаш болгон болсоңуз бардык деталдарды билбешиңиз деле мүмкүн.
Эмне үчүн бул иш маанилүү экенин жана ага эмне үчүн көз салып туруш керектигин айтып беребиз.
Азимжан Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Аба» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.
Аскаровдун уюму өзгөчө өзү туулган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы милиционерлердин ишине өзгөчө көңүл бурган.
Аскаров иликтеген эң белгилүү учурлардын бири — бул 2006-жылы сегиз ай бою мыйзамсыз абакта кармашкан аялдын окуясы. Милиционерлер аны көп жолу зордукташкан, ал эми аялдын боюна бүтүп калганда алар анын боюнан алдырыш үчүн аялды ооруканага жеткиришкен.
Аскаровдун иликтөөсүнүн арты менен эки милиционер кызматынан бошотулуп, ал эми төртөөсүнө карата кылмыш иштери козголгон.
Аскаровдун дагы бир чуу жараткан иликтөөсү милиционерлердин адам өлтүрүүнү моюнга алдырышкан кыргызстандык аял жөнүндө болгон. Аскаров киши колдуу болгон делген аялды издеп таап, сот залына алып келген. Айыпталган аял коё берилип, ал эми Базар-Коргон районунун прокурору кызматынан алынган.
Аскаров «адам укугу жана демократия үчүн күрөшкө кошкон салмактуу салымы» үчүн «Адамга адам» аттуу беделдүү сыйлыгына татыган. Ал 2012-жылы абакта жатып, эл аралык «Журналисттерди коргоо комитетинин» сыйлыгынын басма эркиндиги үчүн лауреаты болгон.
Анда эмне үчүн түрмөдө олтурат?
Азимжан Аскаров 2010-жылы, Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар-менен өзбектердин ортосунда болгон этникалык жаңжалдын учурунда милиция тарабынан кармалган.
Тергөө укук коргоочуну базар-коргондук милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө айыптаган. Ошондой эле ага карата жаңжал учурунда массалык башаламандыктарды уюштуруу жана улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча айыптары тагылган.
Кармалгандан кийин Аскаров бир нече күн кыйноого алынган. Ал эми Аскаров бул тууралуу жактоочусуна айтып бергенден кийин ал коргонууга болгон укугунан ажыратылган.
Аскаров этникалык өзбек экенин эске алганда, ага каршы кампанияда дароо эле улуттук риторика башталып кеткен. Бул биринчи жана экинчи инстанциялардын сотторунда Аскаров сот залында белгисиз адамдардын тарабынан ур-токмокко алынышына алып келген. Анын жактоочулары да утур-утур басымга кабылып турушкан.
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү жаңжалдардын жыйынтыгы боюнча катаал өкүмдөр этникалык өзбектерге чыгарылган. Аскаров алардын катарын толуктаган — 2010-жылы сентябрда Базар-Коргон райондук соту аны өмүр боюн эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Кыргызстандын ичиндеги да, анын тышындагы да укук коргоочулар Аскаровго карата процессти катуу сынга алышкан.
Юристтердин эл аралык комиссиясы чыгарган корутундуга караганда, 30 барактан турган Аскаровдун өкүмүнүн текстинин жарымы милиционерлердин Аскаровго каршы көрсөтмөлөрүнөн, өкүмгө жана Аскаровдун кыймыл-аракеттеринин түшүндүрмөсүнө орун берилген. Ошол эле учурда, укук коргоочунун арызын бир абзацка батырышкан.
Мындан тышкары, өкүмдө ошол учурда өлкөнүн түштүгүндө жүз берген жагдайлар эске алынган эмес. Аскаровдун айтымында, сот күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн кабыл албай жана укук коргоочуну сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу менен аны актай турган далилдерди караган эмес.
Эл аралык басымга карабастан, 2010-жылы жогорку инстанциялардын соттору Аскаровдун өмүрү өткүчөктү абакта отуруу мөөнөтүн күчүндө калтырышкан.
Мындан кийин аны коргоо максатында кандай аракеттер көрүлгөн?
Эл аралык укук коргоо коомдоштугу дүйнө жүзү боюнча Аскаровду коргоого арналган акцияларды бир нече жолу уюштурган. Бирок мындан майнап чыккан эмес, анын үстүнө Жогорку соттун чечиминин үстүнөн даттанууга мүмкүн болбой калган.
Аскаровдун адвокаттары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу беришип, бирок бул дайыма БУУнун комитети менен болуп келгендей эле, бул кайрылууну берүү жана кароо процесси бир нече жыл убакытты алган.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун 2016-жылы гана тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарып, кун төлөп берүүгө чакырган.
Аскаровдун иши Чүй облустук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн. 2016-жылдагы сот отурумдарынын жүрүшүндө, Аскаров тараптан күбөлөр биринчи жолу сотко чыгып сүйлөшкөн. Бирок бул да жардам берген эмес. Адам укуктары боюнча БУУнун комитетинин талаптарына карабастан, Аскаровдун өмүрү өткүчөктү эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калтырылган.
Укук коргоочунун кийинки ачкачылык кармоолору жана эл аралык акциялардын жаңы толкундарынан майнап чыккан эмес.
Эмне үчүн азыр кайра Аскаровдун иши боюнча сот отурумдары өтүүдө?
Бирок Аскаров БУУнун комитетинин чечими боюнча Чүй облустук сотунун чечиминин үстүнөн даттанган, эми болсо Жогорку сотко эл аралык сунуштарды аткарып, Аскаровду бошотуп же бошотпоону же аны абакта өмүрү өткүчөктү калтырууну тандашы керек.
Аскаровдун адвокаттары бул процессти укук коргоочуга карата өкүмдү жокко чыгарууга карата бийлик үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп аташат, анткени коргоо даттануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын сарптап бүткөн.
Сотто Аскаровду «Бир Дүйнө — Кыргызстан» жана «Эркиндин Үнү» укук коргоо уюмдарынын адвокаттары коргойт.