УКМК: казактардын чек арасында акча доолаган бажычылар кармалышты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери «Чалдыбар-Автодорожный» өтмөгүндө бажыкананын беш кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармашты. Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн кызматкерлеринин бул кылмышка катыштыгы бар экендигин тастыктады.

УКМКнын билдиргени боюнча паракор деп шектелген беш кызматкер бир суткада 470 миң сомдой акча жыйнашып жүргөн.

Ушундай эле көрүнүш башка өтмөктөрдө да бар деп билдирди басма сөз кызматкери Нурлан Токталиев. Бирок Токталиев дагы кайсы бажы өтмөктөр «мыйзамсыз жыйымдар» менен алектенип жүргөндүгүн тактаган жок.

«Бул факт бажы органдарында өзүнүн жарандарынан жана Кыргызстандын конокторунан акча доолаган колу таза эмес кызматкерлердин бар экендигин даана көрсөтүп жатат», – деди Токталиев.

Басма сөз кызматынын сөзү боюнча УКМКнын коррупцияга каршы комитети парламентке чек араларда «мыйзамсыз жыйымдарды» жоюу үчүн өткөрүүчү пункттарды иштетүү боюнча сунуш киргизүүнү пландап жаткандыгын айтты.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов өзүнүн кызматкерлеринин кармалгандыгы жөнүндө маалыматты тастыктады. Бул МБКнын аброюна «кара так» деди Кулматов.

«Биз тараптан ушундай нерсеге жол бергендиги үчүн бажы органдарына карата жакын арада бир иш-чараларды жасайбыз», – деп билдирди Кулматов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Кулматов мамлекеттик кызматтын жеке составы менен бажыканада коррупциянын деңгээлин түшүрүш үчүн иш жүргүзүп жатканын билдирди.

«Биринчиден, бул алар көнүп кетпеши, ишкерлик менен көп убакыт ымалада болбошу үчүн жеке составдын кезегинин жана жылышуусунун графигин түзүүгө аракет кылуу», – дейт бажы кызматынын башчысы.

Учурда бажы кызматынын төрт кызматкери улуттук комитеттин мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда кармалууда. Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-статьясынын биринчи беренеси боюнча («пара алуу») кылмыш иши козголгон.

Автору: Раим Досункулов

Которгон: Айсулуу Көкөева