Жогорку Кеңештин депутаттары 4-мартта коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр үчүн добуш берип, мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн 100 депутат макул, ал эми 9 депутат каршы добушун берген.
Бул мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдарды каржы булактары тууралуу кошумча отчёт берүүгө, андан тышкары, кызматтык ишмердиги тууралуу көбүрөөк маалымат берип турууга милдеттендирет.
2019-жылдын аягында депутаттардын тобу тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдарды өз каржы булактары тууралуу мурдагыдан да деталдуу отчёт берүүгө милдеттендирүүнү шарттайт.
«Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенүү индексин күчөтүп, ишмердиктин тунуктугун жогорулатат. Маалыматтын ачык болгонунун артыкчылыктары анык, эгер коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик органдарда эле ачык болуп калышса, бул өз учурунда мамлекет менен жарандык сектордун кызматташтыгына түрткү болот», — деп билдирген демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкулов.
Жарандык коом бул мыйзам долбоорду сынга алды. Укук коргоочулар мыйзам долбоорунун кабыл алынышы коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле бийликтин ишине көз салып тургандардын да ишмердигин чектейт деп эсептешет.
2020-жылдын башында Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Жогорку Кеңештин депутаттарын бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырган.
Коммерциялык эмес уюмдардын тобу 13-январда мыйзам долбооруна каршы кайрылуу чыгарган, анда Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, уюмдар салык жана Социфондго отчётторду тапшырып аткан маалда маморгандарга жетишээрлик эле маалымат берилип атканы айтылган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 7,7 миң коммерциялык эмес уюм бар жана ал уюмдарда 60 миңге чукул адам иштейт.