Оштун мэри этникалык кагылышуу жөнүндө китеп жазды


27 июлда шаардык мэрияда, Мэлис Мырзакматов өзүнүн «Мен издеген чындык», деген китебинин бет ачаары болду. Шаар башчысынын айтымында, китепти жазып чыгарууга түрткү болгон себеб өткөн жылда сыяктуу кайгылуу окуяларды мындан нары «болтурбоо» болду. Серепчилердин оюнча Мырзакматов китеп чыгарууга «укуктуу эмес».

Автордун «Мен издеген чындык» аттуу китебинде, 2010 - жылы июнь айында болгон Ош коогалаң туралуу маектер, кайрылуулар, билдирүүлөр, документтер, фактылар басылап чыгарылган . Мелис Мырзакматовдун айтуусу боюнча «Мен издеген чындык» китебинде «80 пайыз» фактология бар.

Китеп 384 беттен туруп, 3000 нускада басып чыгарылган да акысыз таратылат, бирок «баасын билген, анализдей ала турган адамга» гана берүү керек.

Ошондой эле бул китеп кеңири чөйрөдө талкууланышы үчүн орус жана англис тилде чыгарыларын айтты. Бирок качан которулуп басылуусу белгисиз.

«Китепти эмне үчүн орус жана англис тилдерине которуп жатабыз? Кыргыз коомчулугунун арасында гана талкуу болуп, дагы эртең бизди бирөөлөр күнөөлөп, алар өздөрү жазып алды, өздөрү талкуулады, кызыкчылыктары бар ошол улуттун, деген пикир калбаш учун»,- деп түшүндүрдү шаар башчысы.

Мырзакматовдун айтуусу боюнча китепти жазып чыгарууга түрткү болгон эң негизги себеби ушундай кайгылуу окуяларды мындан нары «болтурбоо» болду.

«Канткенде биз болтурбай коебуз. Мына 90 жылдан бери жыйырма жылдан кийин ушул маселе кайтып көтөрүлүп, кан төгүлүү болду.Ким кепилдик бере алат беш жылдан кийин, он жылдан кийин ушул окуя кайталанбайт деп»,- деп кайрылды ал журналистерге берген интервьюсунда .

Китеп түштүктөгү коогаландын чыгыш себебин изилдеген улуттук, эл аралык жана парламенттик комиссиялардын тыянактары менен байланышкан үзүндүлөрдөн турат . Бирок автордун сөзү боюнча, комиссиялардын жыйынтыгында - «факт жок».

«Комиссиянын мүчөлөрү бири дагы Ошто катышышкан эмес, негизинен көчөдөгү имиш -имиштерге, ушактарга таянып жазылган. Кыргыз элине көө жабуу аракеттери басымдуулук кылат»,- деп жарыялады Оштун мэри.

«Укуктуу эмес»

Саясатчы Марат Казакбаевдин kloop.kg ге берген интервьюсунда мамлекеттик кызматкер мурункудай Акаевге же Бакиевге окшоп китеп жазып чыгарууга «укуктуу эместигин» белгилеп өттү.

«Баарын тапшырып, пенсияга кеткенден кийин гана мемуарларын канча кааласа ошончо жазышсын. Башка жактан караганда Мырзакматов, албетте, Оштогу конфликте кандайдыр бир ролу бар, ошол учурда, ал центрде болгон тартипти, достукту калыбына келтирүү үчүн. Бирок ал китеп жазганын мен колдобойм», - деп оюн билдирди саясатчы.

Укук коргоочу Тимур Шайхутдинов саясатчынын сөзүнө кошулат.

«Баардык жарандар өзүнүн китебин жазганы,оюн билдиргени укугу бар, бирок мэр Мырзакматов мамлекеттик кызматкер , ал өзүнүн оюн билдиргенде аябай жоопкерчиликтүү болушу керек. Мен өзүм бул китепти окуганым жок, бир гана айта турган сөзүм бул китепте кандайдыр бир адамдар тарабына эч кандай бош айыптоолор жок деп үмүттөнм.»,- деп айтты Шайхутдинов.

Ал ошондой эле июнь окуяларын изилдөө үчүн атайын бир нече парламенттик жана улуттук комиссиялар түзүлгөн деп кошумчалады.

«Мен эсептейм, бул мэрдин иши эмес айыпкерлерди табуу. А азыр болсо маселе мындайча, эгерде анын аыйптоолору «необоснованный» болсо, эптеп калыбына келип жаткан Ошко негативдүү таасирин тийгизиши мүмкүн», - деп божомолдойт Шайхутдинов.

«Окуй элекмин»

Жогорку кенештин депутаты Камчибек Ташиев «Мен издеген чындык» китебин алганын, бирок окуй элегин айтты.

«Мен билбейм, ал китепти окуй элекмин.Менин убактым жок окууганы, жүздөгөн китептер турат алардын баарын окуп чыга албайм»,-деп кыжырланды Ташиев.

Саясатчы Темирлан Ибраимов да китепти окубагандыгын билдирди.

«Бул китепти окуй элекмин бирок, менин оюм боюнча, китепти жазып чыгаруу закондон четке чыкпайт»,- деп айтты Ибраимов.

Ибрагим Жунусов, Бакир уулу Турсунбай, Акматбек Келдибеков депуттары китепти алышкан, бирок макаланын жарыялануу алдында алардын уюлдук телефондору өчүрлүнгөн болду.

Автор: Аида Ахмедова