Адвокат: «Кыйноодон» запкы тарткан наабайчынын үйүнө куралчан адамдар киргенге аракет жасашкан

Мурдараак оштун милициясы «кыйнады» деп билдирген наабайчы Дильшат Набиджановдун үйүнө 11-апрелдин кечинде 15 куралчан адам атырылып киргенге аракет жасашкан. Милиция комментарий бергенден баш тартып жатат.

Белгисиз адамдар Набиджановдун үйүнүн жанына 11-апрелде үч автоунаа менен келишип, наабайчынын үйүнө кирүүнү талап кылышкан деп билдирет адвокат Нурия Бекмурзина.

Анын сөзү боюнча алар ага белгисиз, «ачык түстүү» форма кийишкен.

Белгисиз адамдар дарбазаны такылдатышып, Набиджановду көргүсү келгенин айтышкан.

«Кошуналар алар ачык түстөгү кийим кийген, курал-жаракчандар экен, үйдөн жанына келишти. Эшикти ургулашып: Дильшат Набиджанов, сен бизге керексиң – деп чакырышты деди», – деп айтып берди адвокат.

Бирок соодагердин үйүнө адамдар чогула баштаганда алар машинелерине отурушуп, кетип калышкан.

Адвокаттын ою боюнча белгисиз адамдар Дильшаттын үйүнө баңги зат же курал-жарак «таштап» койгулары келишкен.

«Алар, билесиздерби, үйгө тинтүү кылганга кирип, анан бир нерсе таштап – же баңгизат, же курал-жарак, кийин бүт үй-бүлөнү күнөөгө жыккысы келген», – деп эсептейт Бекмурзина.

Наабайчы мурда милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого учурагандыгы боюнча арызданган, анын сөзү боюнча алар 30-мартта үйүнө кирип келип, үч күн бою кыйнашкан.

Алар Набиджановду уюлдук телефон менен алтын буюмдарды кайтаруусун талап кылып, уурулук кылды деп күнөөлөгөн.

Набиджанов өзү кылмышка тийиштиги жоктугун айтууда.

Ал азыр Кара-Суунун убактылуу камоочу жайында жатат, ага али дайыны табыла элек алтын буюмдарды жана уюлдук телефонду уурдоо боюнча кылмыш-жаза иши козголгон.

Кара-Суйского РИИБнин тергөөчүсү Улан Узаков комментарий бергенден баш тартты.

Бирок ага жалпы маалымат каражаттарына эч кандай малымат бербөөсү боюнча буюртма келгенин кошуп кетти.

Автору: zarina abdurahman kyzy

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева