Коронавирус жуктуруу учурларынын 95% обсервацияда жаткандардан аныкталууда

Коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары негизинен обсервация же карантиндегилердин арасынан аныкталууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин башчысы Сабиржан Абдикаримов 15-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, обсервацияда жуктургандардын пайызы 95% түзөт.

«Калк арасында жаңы учурлар жок», — деп билдирди Абдикаримов.

Штабдын маалыматы боюнча, 15-апрелге карата Кыргызстан боюнча 902 адам обсервацияга алынган.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 449 адам аныкталган, аларды 19у акыркы сутка ичинде катталган. Ошол эле учурда, алардын 98и — медиктер.

Пандемия маалында COVID-19га чалдыккан беш бейтап каза таап, 78 адам айыккан.