Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб Кыргызстанда коронавирустун жаңы 22 учуру катталганын маалымдады — алардын ону медкызматкер. Өпкө илдетин жуктургандардын арасынан Ош облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда төрт, Нарында бирөө жана Ош шаарында төрт адам коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 612ге жетти — анын 157си медкызматкер. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда –109 , Ош облусунда – 151, Ош шаарында – 94, Чүй облусунда – 32, Бишкек шаарында – 133, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 74, Ысык-Көл облусунда – 8.

Өпкөнү сездеткен илдеттен жалпы 254 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылган, жетөө каза тапты. Коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен карым-катнашта болгондордун саны 8 538ди түздү — алардын 2 037си ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Ал эми ооруканаларда 351 адам жатат — алардын он экиси оор абалда, анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Ошондой эле 22-апрелге чейин жалпысынан 36 173 адамдан анализ алынган. Алардын 36 081инин жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.