Өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылып оппозиция жыл башынан бери үчүнчү жолу митинг өткөрүүдө

10-апрелде Жалал-Абаддын борборунда бириккен оппозиция митинг өткөрүп, анда өкмөттүн отставкасын жана президенттик башкаруу формасына кайтууну талап кылууну улантышкан.

Жалал-Абаддагы митингде ар кандай маалыматтар боюнча 3 миңден 6 миңге чейин адам чогулган. Бирок оппозиция башында 40-миң адам катышат деп билдирген.

Оппозиция Атамбаевдин өкмөтү «шайлоолордо добуштарды уурдап жатат», Кыргызстанды түндүк түштүккө бөлүп жатат жана Кыргызстандын түштүгүнүн өкүлдөрүн бийликке жолотпой жатат деп эсептөөдө.

Жыл башынан бери болгон эки митингде да оппозициянын атынан «Ата-Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары чыгышкан.

«Мына, ушундай кадамдарды жасаган ушул бийлик, бул арам бийлик [...]. Биз президенттик бийликти талап кылабыз. Конституциялык өзгөрүүлөрдү», – деп билдирди «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

Мадумаров оппозиция «бийликти кулатууну» кааларын ачык айтты.

«Азыркы бийлик элдин добушун урдаган бийлик. Элди бөлүп жарган бийлик. Биз ушул бийликти жок кылуу максатында келдик», — дейт Мадумаров.

Өкмөттүн басма-сөз кызматы Султан Каназаров бийлик оппозиция менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билгизди.

«Бабанов [ «Ата-Журттун» лидери Камчибек] Ташиев жана Мадумаров менен жолугушуусунда эки тараптан беш адамдан турган конкреттүү форматтагы жолугушуу өткөрүп, мамлекетти өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын талкуулоону сунуштаган», – деди Каназаров.

«Ата-Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» кийинки митингди Таласта, 12-апрелде өткөрүүнү пландап жатат.

Бул Кыргызстандын түштүгүндө чоң колдоого ээ болгон оппозициялык күчтөрдүн мамлекеттин түндүктөгү өтчү алгачкы митинги болот.

Митингдердин серияларынын жыйынтыгы Бишкек шаарында бүтүшү керек.

«Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев эгер Бишкектеги митингден кийин өкмөт отставкага кетпесе – ал анын «акыркы күнү» болот деп ишендирип кеткен.

Автору: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева