20-апрель күнү кечинде залкар төкмө акын Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал эки күндөн кийин «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Өзгөчө абал режимине карабастан акынды акыркы сапарга узатууга ондогон киши келди. Алардын арасында Иманалиевдин жакындары, сахналаштары, шакирттери, парламенттин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана күйөрмандары бар.

Акын каза тапкан күндүн эртеси шакирти Асылбек Маратов «Азаттыкка» курган маегинде, абалы оорлошкон Элмирбек Иманалиевди Бишкектин ооруканалары карантинге байланыштуу кабыл албай, дарыгерлер алгачкы жардам көрсөткүчө бир сааттан ашык убакыт өтүп кеткенин айткан. Кийинчерээк муну четке кагып, такталбаган маалымат айтып алганы үчүн кечирим сурады.

«Элмирбек байке үзүлүп кеткенин билгенимде эңги-деңги эле болуп калдым. Айлангөчөк болуп жүргөнүбүздө, айланчыктап жүргөн журналисттер суроо салып калды. Күйүт менен ооздон чыкканын айткан экем. Кыязы, бирөөнү күнөөлөп өзүмдү сооротсом керек», — деп түшүндүрдү ал.

Акындын жакындарынын айтымында, ал кант диабети менен ооруп жүргөн. Бирок Иманалиев так эмне себептен каза тапканы азырынча белгисиз. Анын артында жубайы, үч кызы жана үч уулу калды.

Эшмамбеттин тукуму

Ак таңдай акын 1978-жылы 17-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Анын чоң энеси Токтогул Сатылгановдун үзөңгүлөшү акын Эшмамбет Байсейит уулунун кызы болгон. Ошондуктан да Иманалиев төкмөлүк канында бар экенин айтып жүргөн.

Акын катты эрте таанып, жаштайынан манас айткан. Интервьюларынын биринде кабарлагандай, эпосту кээде жаттап, кээде оюнан чыгарып да айткан экен. 6-классынан тартып ыр жазып, аны комуздун коштоосунда аткарып баштаган. Алгачкы жолу эл алдына Нооруз майрамынын урматына уюштурулган концертте чыккан. Анын өнөрү белгилүү акын Тууганбай Абдиевге жетип, ал Элмирбекти Бишкек шаарына алып кеткен. Ошондон кийин ал төкмө акын катары тааныла баштаган.

1993-жылы «Ак таңдай» фестивалында гран-прини жеңген. Иманалиевди ошол кезден тарта ак таңдай акын деп атап келишет. Акын Бердибек Жамгырчиевдин айтымында, ак таңдай акын деп оозун ачса жүрөгү көрүнгөн, улуттун улуулугун даңазалай билген, улуттун жүзү болгон, карапайым элдин кубаныч ыйын жеткире ырдай билген, мөндүрдөй нөшөрлөп төксө да ыры түгөнбөгөн, таланты дайрадай ташкындап турган, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, калкка намыс болгон, жүрөгүнө элинин тарыхы толгон акындарды айтат.

Иманалиев республикалык жана эл аралык айтыштарда алдыңкы орундарды алып келген. Анын көп кырдуу талантын баалагандардын арасында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев да болгон. Наразбаев Иманалиевди маанилүү иш-чараларда чакырып турган. Акыркы жолу акын 2014-жылдагы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдгына арналган эл аралык айтышка катышып, баш байгени жеңген. Андан кийин шакирт тарбиялай баштаган. 2016-жылы ал Кыргыз эл артисти наамын алган.

Чыгаан акын төкмөлүк өнөрү аркылуу кыргыз саясатын жана саясатчыларды ачык сындаган. Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов каза тапкандан кийин «Чыңгыз өлбөс болсочу» аттуу чыгармасын жараткан. Анда Айтматовдун бейнесине токтолуп, аны «Ааламдык адабиятта, Арстаныбыз дечи элек» деп жоктоп ырдайт.

Иманалиев Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов жана Акматбек Султанов сыяктуу таанымал төкмө-акындарды тарбиялады. Султанов устатын өрнөктүү, мээримдүү мугалим, татыктуу тарбиячы болчу деп эскерди.

«Чоңдорго кайрылуу»

Бул акындын 2019-жылдын июль айында жарык көргөн акыркы чыгармаларынын бири. Анда Иманалиев «Ак үйдөн пайда жок экенин, ошондой эле бийликке келип-кеткендерден да пайда жоктугун» айтат. Ал бийликтегилердин катасын айтып чыгуу акындын иши экенин белгилейт. Анын пикиринде, бардык реформалар эртеңкиге жылдырылып, чечкинсиздик өкүм сүрүп, өлкө карыздар менен күн көрүп калды.


«Айкөл Манас урпагы,

Силер элди күрөө койдуңар.

Аталар мурас калтырган,

Жерди күрөө койдуңар.

Кандын көбүн төгүшкөн,

Каректей сактап келишкен,

Төрдү күрөө койдуңар»


Акын чыгармасында Кыргызстан эгемендик алгандар бери эле мансаптуулар өлкөнү талап-тоногонун жана эч эле тойбой келишкенин белгилейт.


«Карыз алган акчага каракчы эле чоңдор болдуңар,

30 жыл тынбай жедиңер, опкоктор качан тойдуңар.

Оюлуп түшкүр чириктер, окшошуп гана жедиңер,

Отуз-кыркың биригип топтошуп алып жедиңер.

Экиден-үчтөн ырсаңдап окшошуп алып жедиңер,

Анан бири-бириңерге шылташып,

Мен тазамын дедиңер»


Акын кайрылуусунда бийликке элдин ишеними кеткенин, парламентке да, парага көзү жайнаган сотторго да эч ким ишенбей калганын айтат. Ошондой эле чыгармада кошуналарга өтүп кеткен жерлерге токтолуп, апрель революциясынын баатырларынын өлүмү актала электигин белгилейт. Чыгармасынын аягында мансаптуулар эртели-кеч жооп беришерин белгилеген.


«Бир кездер келет ишенем,

Билимдүү урпак иликтейт.

Арамдардын кылганын абийирге салып жиликтейт.

Силкилдешкен жамандар, силерди кантип адам дейт,

силерди кантип жигит дейт...»


«Азаттыкка» курган маегинде Иманалиев саясий кырдаалга ичи бышып, ошол сезимдери ырга айланганын билдирген. Ырда саясатчылардын аты аталбайт, бирок кайрылуу колунда чоң бийлиги бар адамдарга тиешелүү экендиги айдан ачык.

«Жогорку Кеңеш — олигархтардын акционердик коомундай»

«5-каналдагы» берүүлөрдүн биринде Элмирбек Иманалиев Жогорку Кеңеш уурдагандардын, мамлекеттик кызматты кыянатчылык менен пайдаландардын же болбосо салыктан качкандардын, кыскача айтканда көмүскө дагы, көрүнбөй дагы байыгандардын бир уюгуна айланып кетти да деп билдирген.

«Ошко барганда ырдаганда айттым мен Жогорку Кеңеш билимдүүлөрү бар болгондугу үчүн бир топ жакшы орундай, бир карасаң түгөнгүр базаркомдор кеңеши бакылдашкан орундай же олигархтардын акционердик коомундай. Чече турган кишилер кой өзүмдүн абийириме бир көз чаптырып көрөйүнчү деш керек да», — деген акын.

Акыркы интервьюларынын биринде Иманалиев 2020-жыл жооптуу экенин, эл тагдырын тандай турган жыл болгонун айткан. Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

«Жеке тагдырыбызды гана ойлобостон, үйүбүздө бала-чака жүргөндүр көзүн жылтыратып. Балким бирөөнүн баласы бешикте жаткандыр, балким бирөөнүн баласы жакшы изги үмүт-тилек менен окуп жаткандыр. Ошолордун көзүнө бир жакшылап карап, “мен болуптур өзүмдүн өмүрүмдү жашап атам, мага жетиштүү жана жетишет, мени баары канааттандырат, а бирок мына балам үчүн эмне кылыш керек” дегенди ойлонулучу», — деген ойду айткан акын..

Акынды тааныгандардын бардыгы бир добуштан ал элдин жана өлкөнүн тагдыры үчүн кабатыр болуп жүргөнүн айтышат. «Калкка кичинекей түйшүк жараткан окуя чыкса жүрөгүнө сайылып калар эле. Андай учурда тынч ала албай, өзү кайнап, алкынып турган киши болчу», — деп эскерет анын шакирти Акматбек Султанов.

«Элмирбектин экинчи доору башталды»

Интернеттин кыргыз сегментинде бир нече күндөн бери Иманалиевди эскерип жатышат. Колдонуучулар анын чыгармаларын, айтыштарын, ырларын тынбай бөлүшүп, эскерүү каттарын жазышууда. Анын элесине арналып ондогон ырлар жазылды. Ошондой эле казак төкмө-акындар да кыргыз элине көңүл айтууда. Ал эми белгилүү акын Шайлообек Дүйшеев «Азаттыкка» «Элмирбектин экинчи доору башталды» деп билдирди.

«Мен ал кезде филармонияда адабий бөлүмдүн башчысы элем, акындар менен жакындан иштешип калгам. Ошол кезде Тууганбай Абдиев мага кичинекей баланы ээрчитип келди. Баланын колунда бир ыр дептери бар экен. Ушул Элмирбек деген бала, ырларды жазып жүрөт, ырларын карап оюңду айтып кой деген. Анан карасам толтура. Жазма акын болот го деп ойлогом. Ырлары ошол кезде эле чыйрак, болбосо өзү кичинекей бала. Чын эле кийин өстү, коомдо бирге жашадык, айтыштарга чыкты дегендей. Адамдын көңүлүн тартып турат эле. Залкарлыктын бүт атрибуттары ушул Элмирбекте бар экен. Бул боюнча кийин макала да жазган элем», — деди Дүйшеев.

Ал эми депутат Садык Шер-Нияз Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатып жатып кыргыздын гана эмес, казактын да салтын, философиясын терең билген «улуу ойчул акын эле» деп сыпаттады.