Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 13 адамдан табылды — алардын үчөөсү медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-апрелдеги брифингде билдирди.
Бишкекте алты, Ош шаарында, Нарын жана Ош облустарында бирден, Чүй жана Ысык-Көл облустарында экиден учур катталды.
Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 695ке жетти — анын 183ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 395 адам айыкты, сегиз бейтап көз жумду.
Коронавирустун эң көп учуру Ош облусунда катталды — 210 учур. Анын 110у Ош шаарында аныкталды. Бишкекте бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келатат — 164 учур.
Ал эми Жалал-Абад облусунда 111 киши аталган ооруну жуктуруп алышты. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 86ны түздү. Чүй облусунда COVID-19 46 адамдан табылды. Ысык-Көл облусунда 10 жана Баткен облусунда 8 учур катталды. Талас облусунда бүгүнкү күндө коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.
Учурда ооруканаларда 292 адам калууда — алардын он экиси оор абалда, жетөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1044 адам алынды.
Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 2753дү түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.
Ошондой эле 27-апрелге чейин жалпысынан 47 319 адамдан анализ алынган. Алардын 46 627синин жыйынтыгы чыккан.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.