Бийлик жарандардын Чаткал районуна кирүүсүнө тыюу салды — Жалал-Абад облусу

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов 4-майдан тарта жарандар үчүн Чаткал районуна кирүүгө тыюу салынганын билдирди.

«Чаткал районунда коронавирус илдетине кабылган 7 учур катталгандыктан, жергиликтүү элге медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп кабарлады Мирзахмедов.

Мурдараак бийлик Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынганын кабарлаган — мындай чечимди жергиликтүү ыкчам штабы кабыл алган.

«Аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат», — деп билдирген республикалык штаб.

Аталган облуска кирүү үчүн коронавирустун терс анализи тууралуу маалым кат көрсөтүш керек жана ал 14 күн обсервацияга алынууга тийиш.

4-майга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруунун саны 830га жетти. Эгер өлкө боюнча жуктургандардын саны азайбаса, бийлик ӨА режимин узартууга аргасыз болот. Азырынча ал 11-майга чейин күчүндө сакталат.