Кыргызстандык учактар «төңкөрүштөрдүн айынан» Европага каттай алышпайт

Европа комиссиясы Кыргызстандын бардык авиакомпанияларын «кооптуу» ташуучулардын тизмесинде калтырды. Алардын бири да Европага уча алышпайт. Жарандык авиация агенттиги мунун себебин 2010-жылдагы апрелде болгон төңкөрүш жана Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышууда дейт.

Евробиримдиктин жогорку аткаруучу органы болгон Европа комиссиясынын 3-апрелдеги Брюсселдеги конференциясында, Кыргызстандын авиакомпанияларын кооптууташуучулардын тизмесинде калтыруу чечими кабыл алынды.

Евробиримдиктин мындай «кара тизмесинде» бардык кыргызстандык авиакомпанияларына Европага учууга тыюу салынган. Тизмеде 22 ташуучу компаниянын 16сынын аты аталып кеткен.

Жергиликтүү авиакомпаниялар 2006-жылдан бери «кооптуу» компаниялардын тизмесине кирген.

Жергиликтүү авикомпаниялар Кыргызстандын жарандык авиация агенттигине карашат. Агенттик 2009-жылдын бери авиа каттамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аркеттерди жасап жатат, дейт агенттиктин директорунун ордун аткаруучу Мураталы Токтобеков.

Кийинки жылы Еврокомиссияга отчет берилген, бирок 2010-2011-жылдары апрель төңкөрүшүнө жана Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышуудан иш токтотулгандыктан, аттестациянын жыйынтыктарына таасир берди, дейт Токтобеков.

Түштүк Корея учууга уруксат берди

2009-жылы эл аралык жарандык авиациянын уюму [ИКАО] Кыргызстандагы учуу маалындагы тобокелчиликти көзөмөлдөөнүн деңгээлин «канааттандырарлык» деп баа берген — кыргызстандык ташуучулар 64 пайыз алышкан.

ИКАОнун 2011-жылдагы дүйнөдөгү коопсуз учуулар жөнүндөгү отчетуна ылайык, коопсуздукту тескөөнүн дүйнөлүк орточо деңгээли 60 пайызды түзгөн.

Азия аймагынын орточо көрсөткүчү 68 пайызды түзөт. Эң жогорку 93 пайыз менен Түндүк Америка, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч 41пайыз Африкага таандык.

«Жакында түндүк кореялык авиация администрациянын инспекторлору келип, жарандык авиациянын коопсуздук абалын текшерип кетишкен, отчетун жиберишиптир [...]. Алар биздин абалыбызды 81 пайыз деп баалашты», — дейт жарандык авиация агенттигинин директору.

Ушул жылдын апрель айынын аягында Кыргызстан жана Түштүк Кореянын ортосунда түз авиа каттамдар кайрадан ишке киришет. Учууларды «Эйр Бишкек» авиакомпаниясы жүргүзөт. Бул компания Кыргызстандан Түркияга каттаган жалгыз ташуучу.

2006-жылы Евробиримдиктин «кара тизмесине» түшкөндөн бери Кыргызстандык авиакомпаниялар Түштүк Кореянын ордо калаасы Сеулга каттай албай калышкан.

Борбордук Азиядагы авиакомпаниялары арысында Европага жалгыз бир компания каттай алат. Казакстандык «Эйр Астана» үстүбүздөгү жылдан баштап коопсуз ташуучулардын тизмесине кирген.

Автор: Виктория Мячкова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Кокоева