Мамлекеттик миграция кызматынын 2019-жылдагы расмий статистикасы боюнча АКШда 15 миңдей кыргыз мигранты бар.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жарандардын чалууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алып, аларга кеңештерин берүүдө. Зарыл болгон учурда элчилик өзүнүн Колумбия аймагында, тагыраагы, Вашингтон шаарынында жайгашкан кеңсесинде жарандарды штаттык режимде кабыл алып жатат.

Ал үчүн кабылдоого кирүү максатында телефон аркылуу алдын ала жазылып, беткап тагып, аралыкты жана өздүк коргонуу эрежелерин сактоо зарыл.

Эки өлкөнүн бийлиги кыргызстандыктар үчүн визалык процедураларды жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Ал эми АКШда жашаган кыргызстандыктар COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Кыргызстандын республикалык штабынын эсебине жардам катары акча каражаттарын которушкан.

Кайда кайрылса болот?

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.