Коронавирус пандемиясы адамдарды жумуштарынан убактылуу четтетип, үйдө отурууга мажбур кылды. Мындай шартта үй-бүлөдөгү чыр-чатактар көбөйүп, жыл башынан бери зомбулук фактылары 65 пайызга өстү. Карантин режими узартылган шартта үй-бүлөлүк зомбулукту кантип алдын алсак болот? Мына ушул жана башка суроолордун айланасында «Клооп» талкуу уюштурду. Ага «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко, Кризистик борборлор ассоциациясынын адиси Гүлбарчын Жумабаева катышты.