Аскер кызматкерлерин обсервацияга алуу үчүн талаа госпиталы ачылды

Сүрөт: Коргоо иштери боюнча мамкомитет

Коргоо иштери боюнча мамкомитеттин басма сөз кызматы Куралдуу күчтөрдүн «Ала-Тоо» машыгуу жайында аскердик-талаа госпиталы ачылганын билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, госпиталь 76 койка орунга ылайыкталып, заманбап меджабдык, техника, анын ичинде жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылган.

«Бүгүн госпиталдагы обсеврацияда буга чейин блокпсттордо кызмат өтөөгө тартылган Куралдуу күчтөрдүн жеке курамы жайгаштырылган. Бардыгынан ПЧР анализ алынган. Аскер кызматкерлери 14 күн бою аскер врачтарынын кароосунда болуп, бардык тийиштүү жардам жеринде көрсөтүлүп турат», — деп билдиришти ведомстводон.

Ведомство госпиталдын аймагында бардык санитардык гигиеналык талаптар сакталып атканын, аскер кызматкерлерине медицинадык беткаптар жана жеке коргонуучу каражаттар берилгенин кабарлады. Мындан тышкары, үч маал ысык тамак-аш берүү уюштурулуп, жууна турган жер жасалган.

Буга чейин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы аракеттенүүгө тартылган аскер жана ИИМ кызматкерлерине бардык тийиштүү компенсациялар төлөнүп берилээрин билдирген.