Фарафоновдун иши боюнча күбөлөр сотко кайрадан келишкен жок


Улуттар аралык кастыкты тутандырган деп айыпталып жаткан журналист Владимир Фарафоновдун кезектеги сот угууларына күбөлөр кайрадан келишпеди. Жактоочулар күбөлөрсүз сотко катышуудан баш тартышты.

Прокурор Фарафоновдун бешинчи сот угууларына күбөлөрдүн келишин камсыздай албады. Күбөлөрдүн жоктугунан сот угуулары экинчи жолу жылдырылып жатат.

Мамлекеттик айыптоочу соттун отурумун күбөлөрсүз эле өткөрүүнү сунуштады.

Бирок, Фрарфоновдун адвокаты «эң аз дегенде күбөлөрдүн 50% келиш керек» деп, айыптоочунун сунушун четке какты.

Келбеген күбөлөр — интернетте Фарафоновдун макалаларын окуп, журналистке «ачуусу келген» эки интернет-колдонуучу экен.

Мындан сырткары, сотко Фарафоновдун жубайы Гульнара жана уулу Роман Фарафоновдор да чакырылыган. Алар да сотко келген жок.

Адвокаттын айтымында, алар сотко катышудан баш тарта алышат, анткени айыпталып жаткан жарандын туугандары болушат.

Тергөө жыйынтыктары боюнча, журналист компьютеринен «улуттук кастыкты козуткан» 11 макаланы өчүрүп салган.

Сотко Фарафоновдун компьютеринен өчүрүлгөн макалаларды “кайра калыбына келтирген” Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) кызматкери да келиш керек болчу.

Сот күбөлөрдүн келбегендигинин себебин сураган жок.

Сот процессинин катышуучулары прокурор кийинки сот угууларына күбөлөрдүн «100% келишин камсыз кылсын» деген пикирге келишти.

«Маселени сот аркылуу эмес, саясий талкуулар аркылуу чечишибиз керек. Мына, ошол коомдун өнүккөндүгүнүн жана жетилгендигини көрсөткүчү болот», — дейт Фарфонов.

Журналист «улуттар аралык кастыкты тутандырып жатат»

Фарафонов бир нече веб-сайттарга, анын ичинде «Русское единство» кыймылынын интернет-баракчасында жарыяланган улуттар аралык кастыкты тутандырган 16 макаласы үчүн айыпталып жатат.

Фарафоновдун «Русское единство» сайтында жарыяланган макаласы Кыргызстандын укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган. Бул макалада журналист 2010-жылкы этникалык кагылышууларды сүрөттөп «кандан башы айланган, мас, айылдык жаш кыргыз жигиттер кичинекей өзбек балдарынын баштарын кесип салган» деп жазган.

Кыргызстандык укук коргоо органдарына «ишенбегендиктен» Орусиялык бийлик өкүлдөрүнөн март айынын башында журналист юридикалык жардам сураган.

Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко Фарфоновго «мекендеш катары” колдоо көрсөтүп келгендигин айткан.

Илимдер академиясынын экспертизасы Фарафоновдун беш макаласында «улуттар аралык кастыкты тутандырган» элементтерди аныктап чыккан. Мындан сырткары, тергөө убагында компьютеринде кайра калыбына келтирилген дагы 11 макала боюнча да айыпталып жатат.

Тергөө ишинин материалдарына таянсак, УКК журналисттин компьютеринен өчүрүлгөн макалаларды кайра калыбына келтирип, интернет-сайттардагы Владимир Фарафоновдун атынан жарыяланган материалдар менен салыштырып чыгышкан.

Ал эми Фарафонов калыпка келтирилген макалаларды жасалма деп, автордугун танууда.

Авторлор: Евгений Погребняк жана Нурсулуу Нуркамилова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Кокоева