Жакында эле аты эч кимге таанымал болбогон парламенттин 42 жаштагы депутаты Бактыбек Райымкулов — эми көпчүлүктүн оозуна алынды. Дал ушул депутат бейөкмөт уюмдардын иш эрежесин татаалдаштыруучу мыйзам долбоорун сунуштады.
Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү (КЭУ) мыйзамга киргизилчү түзөтүүлөрдө, депутат башка өлкөлөр тарабынан каржыланчу уюмдарга кандай мүлкү бар экенин, акчаларын кай жакка коротоорун, кызматкерлеринин курамын жада калса алардын айлык маянасын ачыктоону сунуштап жатат.
Райымкулов деген ким?
Бактыбек Райымкулов парламентке 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясынан келген. ЖМКлар Райымкулов жөнүндө ал «Көк-Бөрү» федерациясын жетектегенде жаза башташкан, себеби бул кызматка андан сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу, андан соң аппарат жетекчисинин орун басары, кийинчерээк анын кеңешчисине айланган — Икрамжан Илмиянов да талапкер болгон.
Парламентке келгенге чейин Райымкулов Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп 3 жыл эмгектенген.
Бул анын мамлекеттик органдардагы жалгыз жумушу эмес — ал 2007-жылы парламентте референт болуп, ал эми андан эки жыл мурда Панфилов райондук суу чарбасынын башкармалыгынын орун басары болуп эмгектенген.
Мамлекеттик түзүлүштөрдөгү жумушунун аралыгында Райымкулов «Киров Суу» суу колдонуучулар ассоциациясын жетектеп, «Алымбай Ата» айыл-чарба өндүрүштүк кооперативинин да төрагасы болгон.
Райымкуловдун Кыргыз улуттук университетинен алган юридикалык билими бар. Ошондой эле ал Орусиянын президентине караштуу Орусиянын мамкызмат академиясында мамлекеттик башкарууну окуган. Депутат Кара-Балтада төрөлгөн, никелүү, 5 баланын атасы.
Парламенттеги жумушу
Райымкулов парламентке келгенден бери 5 жыл ичинде, Жогорку кеңештин порталына ылайык, өз алдынча бир гана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрү киргизген мыйзам долбоорун демилгелеген. Райымкулов тарабынан сунушталып, кийинчерээк парламент жана президент тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөр мамлекеттик сатып алуулардын процедурасын жеңилдеткен.
Мурда, сатып алуучу уюмдар товарларды түз келишимдик ыкма менен гана жылына 1 жолу ала алышса, эми алар жыл ичинде минималдуу босого суммасына жеткенге чейин каалаганча ала алышат.
Депутаттын айтымында, ал өлкө боюнча айыл өкмөттөрүнүн ишин ушундай кылып жөнөкөйлөштүргөн.
Алар мурда ар бир сатып алууда, жада калса иш-чаралар үчүн майда кацтоварларга да тендер жарыялап турушу керек болчу, эми алар булардын баарын түздөн-түз сатып ала алышат.
Депутат негизинен мамлекеттик сатып алуулар тутумуна каршы экендигин мойнуна алды. Анын оюнча, коррупциянын баары электрондук тендерлерде жана аларды жок кылуу керек. Айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды тендер жарыялабастан, келишим баада сатып алышы керек.
«Ачыгын айтканда, фирмаларга жана тендерлерге байланыштуу бардык акчалар шамалга кетет. Биринчиден, эгерде айылдык кеңеште акчаны өз алдынча пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болсо, анда баа кымбаттатылбайт эле.
Экинчиден, ал жерде депутаттар бар, айыл өкмөтүнүн орду жана жоопкерчилиги жогоруламак. Каржы полициясы, эсеп палатасы бар. Бааны билип, базардагы баага салыштырып алууга болот», — деп эсептейт депутат.
Райымкулов кесиптештери менен иштеп чыккан бештен ашык мыйзам долбоору бар. Ошол эле учурда, документтердин бир бөлүгү иштеп жаткан мыйзамдарга анча-мынча өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштелип чыккан.
Мисалы, Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам долбоору эки гана беренеден турган.
Биринчи беренеде иштеп жаткан мыйзамга «өкмөт аныктоочу каражаттар» деген сүйлөм кошулган, ал эми экинчи беренеде мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирээрин баяндалган.
Бул түзөтүүлөрдүн үстүнөн Райымкулов менен кошо бүтүндөй 10 депутат иштеген.
Өзгөртүүтөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган. Райымкуловду сырткары, бул мыйзам долбоорун дагы сегиз депутат иштеп чыккан жана ар бир парламентарийдин толуктоолорду иштеп чыгууга кошкон салымын байкоо мүмкүн эмес.
Негизинен, Райымкуловдун депутаттык ишмердүүлүгү менен туулуп өскөн Панфилов районуна көп көңүл бурат. Ал узак убактан бери аталган райондон биринчи жолу шайланган өкүл болгонуна сыймыктанып, ага кирген айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылат.
«Биздин аймак таза суу менен камсыз болуп, бир нече жолдор оңдолууда. [...] Мындан тышкары, Панфилов районунда спорттук комплекс жок болчу, биз 2017-жылы капсула салып, 2018-жылы курулушту толугу менен бүтүрдүк. Мындан тышкары, биздин райондун Бухара айылында мектептин курулушу 24 жылдан бери бүтө элек болчу, биз аны бүтүргөнбүз, бул менин биринчи кошкон салымым болгон», — дейт депутат.
Райымкуловдун туулуп өскөн району үчүн мындай долбоорлордун көпчүлүгү кымбат турат, мисалы, депутаттын туулуп өскөн айылына 102 млн сомго таза суу киргизүү — ал муну коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу ишке ашырган.
Бул ири инфраструктураны жана айыл чарба долбоорлорун чет өлкөдөн келген акча менен каржылаган мамлекеттик орган. Көбүнчө бөлүнгөн сумманын 30% дан 90% чейинкисин БУУ, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Германия өкмөтү сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат. Калган сумманы Кыргызстан бюджеттен бөлүп берет же эл аралык уюмдардан насыя алат.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыздай тургандыгын убадалаган. Ал муну өлкөнүн бюджетинин жана эл аралык донорлордун эсебинен ишке ашырууну көздөп жатат. Ал эми АРИС Кыргызстандын 200 айылын таза суу менен камсыз кылууга катышат.
АРИС — коммерциялык эмес уюм, демек, ал Райымкулов сунуш кылган коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунуна түшөт. Эгерде ал кабыл алынса, АРИС жыл сайын ачык мамлекеттик порталда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө толук финансылык отчетту жарыялоого, мүлкү, кызматкерлеринин саны жана эмгек акысы жөнүндө маалымат берүүгө аргасыз болот.
Райымкулов эмнелерге ээлик кылат?
Төрт жыл ичиндеги расмий декларацияларга ылайык, Райымкулов 72 чарчы метрлик батирге ээлик кылат. 2017-жылга чейин ал декларациясында 1989-жылы чыккан «Мерседес Бенц» унаасын көрсөтүп келген.
2020-жылдын февралында курган маегинде депутат жакында эле жаңы унаа — 2011- жылы чыккан Lexus LX 570 үлгүсүндөгү машинаны сатып алганын айткан.
Мындай үлгүдөгү автомобилдин баасы унаанын абалына жараша 30-40 миң АКШ долларын түзөт.
Бул унаа үчүн эң жөнөкөй бааны алып караганда дагы, ал Райымкуловдун 2018-жылдагы жылдык кирешесинен кыйла жогору турат
Декларацияга ылайык, депутаттын кирешеси 2015-жылы дээрлик 72 миң сомду түзгөн. 2016-жылы ал кыйла көбөйүп, 641 миң сомго жеткен. 2017-жылы болсо бир аз көбүрөөк киреше тапкан — 685 миң сом. Ал эми 2018-жылы кирешеси эки эсеге көбөйүп, 1 миллион 391 миң сомду чапчыган.
Ошол эле учурда, 2017-жылы Райымкулов декларациясында 1 миллион сом өлчөмүндөгү жылкыларды, жана 800 миң сом өлчөмүндөгү бодо малды көрсөткөн. Райымкулов мындай суммадагы жылкыларды кантип сатып алгандыгы белгисиз, анткени декларацияда расмий кирешеден тышкары дагы башка эч нерсе көрсөтүлгөн эмес болчу.
2018-жылы Райымкуловдогу жылкылардын жана бодо малдын саны азайган — ал жылкыларынын баасы 800 миң сом, ал эми бодо малыныкы 500 миң сом экенин көрсөткөн.
Райымкулов өзү «Клоопко» декларациясында бодо мал бар болуп кайра жок болуп кетип атканын аларды сатып жиберип атканы менен түшүндүрдү.
«Менин өзүмдүн чарбам бар, ата-энем аны көптөн бери иштетип келет. Муну декларацияда көрсөткөм. А малды сатып аласың, өстүрүп, кайра сатасың. Бул менин бала чагымдан бери тууган-туушкандар менен болгон үй-бүлөлүк бизнес», - деди депутат.
Бул менчиктен тышкары, депутатка «Алымбай Ата» айыл-чарба соода кооперативи катталган.
Ал өзүнүн да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн да мамлекеттен жашырган бизнестери жок экенин айтат.
«Менде башкалардыкындай фабрика заводдорум жок. Биздин эсеп палатасынан жашырган бизнесибиз жок. Мен көрсөткөндүн баары — машина менен эле үй. Эгер унаамды сатсам, мен аны көрсөтөм», — дейт Райымкулов.
Анткен менен, анын иниси — Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн депутаты Райымкулов Насырбек Кемелбековичке «Чүй облусунун Панфилов районунун Дене тарбия жана спорт бөлүмү» мекемеси, ошондой эле 2019-жылы түптөлгөн дүң соода менен иштеген «Алымбай Ата-Нур» компаниясы катталган.
Мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, Бактыбек менен Насырбектин аты-жөнү гана эмес, каттоо даректери бири-бириникине дал келет. Ал эми «Алымбай Ата» жана «Алымбай Ата-Нур» компаниялары бир даректе катталган.
Мындан тышкары, Насырбек Райымкулов бир эле учурда бир нече компаниялардын тең түзүүчүсү болуп саналат. Алардын бири «АлюмМегаПласт» ЖЧКсы курулуш максатында пластмассадан жасалган буюмдарды чыгарат.
«АлюмМегаПласт» ЖЧКсы Москва көчөсү, 266 дарегинде катталган — бул Бактыбек Райымкулов 2012-жылга чейин башкы директор болгон «Бишкек эт-консерва комбинаты» ачык акционердик коомунун дареги.
Дагы бири «Гаюр Компаниялар Тобунун Соода Үйү» —Тажикстандын «Гаюр» ЖЧКсынын филиалы болуп саналат. Бул компания Кытайдын «Huaxin Cement Co. Ltd» компаниясы менен биргеликте Тажикстандагы чоң цемент заводун курган.
2016-жылдан бери бул цемент Өзбекстанга жана Кыргызстанга экспорттолуп келет. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда «ГАЮР Компаниялар Тобунун Соода Үйү» дүң соода менен иштейт.
Насырбек Райымкуловдун 2018-жылга карата декларациясында бул компаниялардын эч бири көрсөтүлгөн эмес. Бирок анда анын 3000 чарчы метр турак жайы бар деп айтылат.
Мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы бар. КЭУнукучу?
Азыр Кыргызстандагы КЭУлардын баары ансыз деле мүлкү, киреше-чыгашасы жана кызматкерлердин айлык маянасы тууралуу Салык кызматына жана Соцфондго маалымат берип турат.
Бирок Райымкулов бул маалыматтардын жарыяланышын жана атайын түзүлгөн жаңы мамлекеттик порталда сакталышын да каалайт. Анын оюнча, бул бейөкмөт уюмдардын ачык-айкындуулугун жогорулатат.
Өкмөт өзүнүн корутундусунда мындай порталды түзүү көп каражатты жана ресурстарды талап кылаарын, ошондуктан жакынкы аралыкта бул мүмкүн эместигин билдирген.
Юристтер бул мыйзам дискриминациялуу деп эсептешет, анткени бул коммерциялык эмес тармакта иштегендерди гана жыл сайын отчет берүүгө милдеттендирет.
Андан тышкары, мыйзам долбоорунун автору чет өлкөлөрдөн акча алган саясий партиялар жана диний уюмдар сыяктуу КЭУлар отчёт бербеши керек деп эсептеген.
Укук коргоочулардын айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандын конституциясын одоно бузат жана алар өкмөттүн, парламент менен президенттин ишиндеги катачылык жана кемчиликтерди көрсөтүп турган КЭУларга кысым болуусунан кооптонушат.
Райымкуловдон байгелер
Бактыбек Райымкулов өзү кыргыздардын Көк-Бөрү улуттук оюну боюнча чоң мелдештерди өткөрүү үчүн кайдан каражат алганын ачык айтпай келет.
Ал өзүнүн туулуп өскөн Панфилов районунун Киров айылында жыл сайын «Жаштар Ынтымагы» жана «Жаштар Ынтымагы. Көк-Бөрү» спорттук иш-чараларын каржылап турат.
Булар — футбол боюнча, армрестлинг, кыргыз күрөшү, чуркоо жана штанга көтөрүү боюнча мелдеш турнирлери. Алар Панфилов районунда 15 жылдан бери өткөрүлүп келет.
2018-жылы сынактын байге фонду 250 миң сомду түзгөн — бул Райымкуловдун расмий кирешесинин — 20 пайызын түзөт.
Мурунку жылдардагы байге фонддору жөнүндө маалымат жалпыга колдонууда жок.
Депутат Дастан Бекешевдин Райымкулов кайсыл акчага Көк-Бөрү боюнча масштабдуу оюндарды өткөрөт деген суроосуна, Райымкулов так жооп берген эмес.
«Сиз элдин кызыкчылыгы жөнүндө сүйлөп жатасыз. Анда айтыңызчы, Чүй облусундагы Көк-Бөрү оюндарын кайсы акчага өткөрүп жатасыз? Сиз деген коомдук уюмдар отчёт берүүсүн сунуштап жатпайсызбы», —деп сураган Бекешев.
Буга Райымкулов: «Оюндар Көк-Бөрү сүйүүчүлөрүнүн колдоосу менен өткөрүлүп жатат», — деп жооп берип, иш-чараларды каржылаган демөөрчүлөр жөнүндө сөз кылган эмес.
Ал эми Бекешевди мындай жооп канааттандырган эмес: «Менин оюмча, элдин артына жашынуу жакшылыкка алып келбейт», — деген ал.
Редактору: Анна Капушенко
Которгон: Айбике Адилет кызы