Жогорку Кеңеште 22-майда коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр боюнча талкуу өттү. Түзөтүүлөр бейөкмөт уюмдар үчүн кошумча отчёттуулукту шарттайт.
Парламентке талкууга болгону 60 адам гана бара алды, ал эми талкууга катышуу үчүн катталгандардын башкаларын коронавирустун пандемиясынан улам киргизишкен жок. Өлкөдө 26 миң бейөкмөт уюму катталган.
Талкууга келгендер депутаттардын ордуларында отурушту — парламентарийлердин өзү трибунада жок болду. Ар кандай уюмдардын өкүлдөрү келди — негизинен, фонддордун, коомдук кеңештердин, ассоциациялардын жана бирикмелердин башчылары, андан тышкары, коомдук иш жүргүзгөн мурдагы депутаттар.
Мисалы, онкологиялык оорулууларга жана айыл тургундарына жардам берүү фонддору келди. Адам укуктары үчүн «Адилет» укуктук клиникасы, БУУнун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү жооп берип жатышты.
«Салттык баалуулуктар» үчүн «Жети дубан» жана «Акыл-эс, рух жана ыйман», анын ичинде көптөгөн башка ишмерлер, мисалы, «Жарандардын дүйнөлүк лигасы» жана «Тынчтык үчүн генералдар» ассоциациясы жооп берип жатты.
Түзөтүүлөр үчүн
Келгендердин көпчүлүгү түзөтүүлөрдү колдоп беришти, бирок алардын көбү түзөтүүлөр тууралуу эч нерсе айтышкан жок, алар бейөкмөт уюмдардын аракеттерине, аялдардын укуктары үчүн маршка даттанып, мыйзамды катаалдантууну жана чет элдик агент маанисин жазууну сунуштап, мындан ары бардыгында бирдей каржылоо болот деп кубанып жатышты. Бирок түзөтүүлөрдө каржылоонун эч кандай эрежелери жок.
Түзөтүүлөрдүн тарапкерлери мыйзам долбоору КЭУнун беделин жакшыртат, анткени уюмдардын каржы жактарынын бардыгы айкын болот деп эсептешет. Алар мыйзам долбоорунун кемчиликтерине көңүл бурушпай, коммерциялык эмес уюмдардын бюрократташып кетишиндеги кыйынчылыктарды көрүшкөн жок. Алардын арасынан бирөө таптакыр эле грант үчүн иштебей ыктыярчылардай болуп, патриотизм үчүн жардам бериш керек деп билдирди.
Түзөтүүлөргө каршылар
Түзөтүүлөргө каршы чыккандардын саны кыйла аз болду, бирок алардын арасында БУУнун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү, ошондой эле Юстиция министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлдөрү болду.
Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорунун айынан уюмдар каржылоосуз калышы мүмкүн экендиги тууралуу сүйлөшүштү жана бул учурда маморгандар алардын ишин аткарышабы, мисалы, онкология менен ооругандарга жарда беришеби деген суроо жаралды. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматтар да грант алып жаткандыктан, алар да өз киреше жана чыгашалары тууралуу отчёт берип турушу керек деген аргумент айтылды.
Мыйзам долбоорунун түзөтүүлөрүнө каршылар текшерүүлөрдөн коркпосун айтышты. Аларды мыйзам долбоорун бейөкмөт уюмдардын аз сандагы өкүлдөрү менен жана аймактык коомдук ишмерлерди чакырбастан талкуулап жатышканы кабатыр кылды. Алар мыйзам долбоорунун тарапкерлери элдин атынан сүйлөп, ал эми долбоорду пандемия жана кризис учурунда, тагыраагы, аны ишке ашыруу каражат талап кылаарын түшүнбөстөн кароого аракет кылып жатышканына нааразы болушту.
Юстиция министрлигинин коомдук кеңеши маалымкат-негиздемедеги дал келишпестиктерге көңүл бурду — ал жакта долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен каражат талап кылынбайт, бирок каражат керектелет деп жазылган. Мыйзам долбоорун Юстиция министрлигинин базасында ишке ашыруу пландалууда, бул үчүн жабдууларды сатып алып, штат жалдап, сайт жана маалымат базасын түзүү керектелет. Бирок ведомствонун коомдук кеңешинен анын эмне кереги бар экенин түшүнүшкөн жок, анткени коммерциялык эмес уюмдар учурда соцфондго жана салык кызматына отчёт берип турушат.
Ал эми Юстиция министрлиги өзүнүн коомдук кеңеши менен макул болгон жок. Ал бюджеттен каражат керек эместигин, анткени бардыгы министрликтин акчасына жасалаарын жана кошумча штат да керектелбесин билдирди.
Эмне болгон мыйзам долбоор жана аны ким ойлоп тапты?
Түзөтүүлөрдү депутат Бактыбек Райымкулов демилгеледи. Саясатчы КЭУ тарабынан бардык каржы каражаттары, ошондой эле мүлк жана кызматкерлердин эмгек маяналары тууралуу бардык кеңири отчёттерду онлайн режиминде тапшыруусун киргизүүнү сунуштады. Ошол эле учурда, КЭУ азыр деле салык кызматы менен соцфондго отчёт тапшырып жатат.
Мыйзам долбооорунун маалымкат-незиздемесинде аны аткарууга мамлекеттен каржы талап кылынбайт деп айтылат, бул чындыкка коошпойт. Учурда Кыргызстанда, эгер мыйзам долбооруна түзөтүүлөр кабыл алынып калса КЭУлардан талап кылынып аткан маалыматтардын бардыгы сактала турган мампортал жок. Демек аны түзүп, келип жаткан маалыматтарды мониторинг кыла турган кызматкерлердин штатын жалдоо керектелет. Мындай мампорталды түзүү чоң каражатты талап кылат.
Түзөтүүлөрдү буга түздөн-түз тиешеси бар коомдук ишмерлер менен укук коргоочулардын катыштыгы жок онлайн кароого аракет кылышкан. Коом кабыл албай койгондуктан улам парламент мыйзам долбоорун жыйында кароону чечкен, бирок коомдук активисттер ӨК режиминен улам жыйынды башка күнгө жылдырууну суранышкан, себеп дегенде ӨК тартибинен улам түзөтүүлөрдүн талкуусуна катышышы керек болгон аймактык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү келе албай калышкан.