Казарман айылындагы суу ташкыны: 180дей үй суу алдында калды



Күндүн кескин ысып кетиши Жалал-Абад облусундагы Жырма суу каналыныны ташкындашына алып келген. Жыйынтыкта жакынкы Казарман айылында 180дей үй суу алдында калды. Куткаруучулар тургундарды чатырларга көчүрүп жатышат. Азыркы маалыматтар боюнча каза болгондор жана жарадарлар жок.

Суунун деңгээли кээ бир жерлерде 40 сантиметрге чейин жетет, дейт ӨКМ.

Мындан сырткары 150дөй үй 15 сантиметрлик суу алдында калды.

27-март күнү аба ырайынын кескин ысышынан кар ээрип, түштөн кийин жакынкы айылдын үйлөрүн суу каптап баштаган.

«Мындай абал дагы үч-төрт күнгө созулат го», — дейт жергиликтүү ӨКМ бөлүмүнү жетекчиси Мирбек Шергазиев.

Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идрисовдун айтымында, бүгүн 29-мартта абанын ырайы бир аз сугураак болгондуктан, суунун деңгээли көтөрүлгөн жок.

Анын айтымында, каналды чыңдоо иштеринде 1000дей адам иштеп жатат.

Үйлөр жараксыз абалга келди

Казарман айылынын тургуну Жээналы Табалдиев суу эң биринчи алардын үйүн каптап кеткендигин айтып, каналды чыңдоо иштери 28-марттан бери жүрүп жаткандыгын кабарлады.

«Үйдүн ичиндеги буюмдарды чыгарып, жетишип калдык», — дейт.

«Тамдын түбүнүн баарын жеп кетти [...] бир жак капталынан жарака кетти», — деп кошумчалады.

Дагы бир жабыр таркан Кубатбек Шергазиев, үйүнүн жараксыз абалга келгендигин айтып кейиди.

«Тамда үч жаракка кетти. […] суунун бийиктиги жарым метрдей, ал эми биздин фундаменттин бийиктиги 40 сантиметр эле болчу да, дубалдар көчө баштады», — дейт Шергазиев «Клооптун» кабарчыларына.

Айыл тургуну Гүлсира Калбаева, каналды алдын ала таштандылардан тазалап коюшса мындай болбойт эле деген пикирде

Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, ушул аймакта жашаган тургун (үйүн сатып көчүп кеткен) сугат суу алуу эрежесин бузуп, каналдагы дамбаны тешип түтүк туташтырган. Дамбаны ошол жерден суу тешип кеткен.

Тургундар эвакуацияланып, айылдын жанында чатырлар тургузулуп жатат дейт Мирбек Шергазиев.

Акимдин айтымында, тургундар чатырларда жашоодон баш тартып туугандарынын үйлөрүнө көчүп жатышат.

Сүрөт алгач «АКИпресс» кабар агенттигинин «Мен— репортёр» долбоорунда чыккан. Алардын макулдугу менен жарыяланып жатат.

Авторлор: Миргүл Эшбаева жана Элиза Маныбаева

Редакторлор: Бектур Искендер жана Бермет Абдыкадырова

Силер Казармандасызбы? Ташкындоого күбө болдунузбу? Жабыр таркандардын арасында болсоңуз, айта турган сөздөрүңүз болсо төмөндөгү формага комментарийлериңизди калтырыңыз. Сүрөттөрүңүз болсо bektour@kloop.kg электрондук адресине же ММС аркылуу +996772803610 телефон номерине жөнөтүңүз.