Фарафонов: менин автордугумда көрсөтүлүп жаткан материалдардын көпчүлүгү мага таандык эмес

Журналист Владимир Фарафонов «улуттар аралык кастыкты тутандырган» деген 16 макаланын 11нин автордугу «мага тиешелүү эмес» дейт. Улуттук коопсуздук комитети (УКК) бул макалаларды журналисттин компьютеринен калыбына келтирип, табышкандыгын айтышты.

Илимдер академиясынын экспертизасы Фарафоновдун беш макаласында «улуттар аралык кастыкты тутандырган» элементтерди аныктап чыккан. Мындан сырткары, тергөө убагында компьютеринде кайра калыбына келтирилген дагы 11 макала боюнча да айыпталып жатат.

Тергөө ишинин материалдарына таянсак, УКК Фарафоновдун компьютеринен өчүрүлгөн макалаларды кайра калыбына келтирип, интернет-сайттардагы Владимир Фарафоновдун атынан жарыяланган материалдар менен салыштырып чыгышкан.

Ал эми Фарафонов калыпка келтирилген макалаларды жасалма деп, автордугун танууда.

«Мен дайыма эс тутум диски менен иштечүмүн, ошондуктан компьютердин өзүндө эч нерсе сакталбайт, бир нерсе табуу мүмкүн эмес болчу», – дейт журналист.

УКК Фарафоновдун компьютеринен өчүрүлгөн файлдардын калыпка келтирүү иштеринде катышкан күбөлөр Мелис Мурсалиевдин жана Керим Сагыналиевдин көрсөтүүлөрүнө таянып жатат.

Бирок, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун отурумунда күбөлөр ар кандай сөздөрдү айтып жатышты.

Мурсалиев «өчүрүлгөн файлды калыпка келтирүүчү» программа менен флешка орнотулган десе, Сагыналиевдин айтымында диск орнотулган.

Мурсалиевдин айтымында, кагазда жазылган макалаларды салыштырышкан.

Ал эми Сагыналиев, макалаларды компьютерде салыштырганбыз дейт.

Протоколго ылайык, Мурсалиев жана Сагынбаев УККнын имаратында жети саат болушкан.

Бирок Мурсалиев, үч саат гана болгондугун айткан.

Күбөлөрдүн бирөө дагы салыштырган тексттер эмне жөнүндө экенин эстей албай койду.

Фарафонов бир нече веб-сайттарга, анын ичинде «Русское единство» кыймылынын интернет-баракчасында жарыяланган улуттар аралык кастыкты тутандырган 16 макаласы үчүн айыпталып жатат.

Фарафоновдун «Русское единство» сайтында жарыяланган макаласы Кыргызстандын укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган. Бул макалада журналист 2010-жылкы этникалык кагылышууларды сүрөттөп «кандан башы айланган, мас, айылдык жаш кыргыз жигиттер кичинекей өзбек балдарынын баштарын кесип салган» деп жазган.

Кыргызстандык укук коргоо органдарына «ишенбегендиктен» Орусиялык бийлик өкүлдөрүнөн журналист юридикалык жардам сураган.

Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко Фарфоновго «мекендешибиз катары» колдоо көрсөтүп келгендигин айтты.

Фарафоновдун адвокаты: Интернет – ММК эмес

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзам боюнча Интернет ММКлардын тизмесине кирбейт, дейт Фарафоновдун адвокаты.

Мыйзам боюнча, ММКлар тизмесине «гезит, журнал,альманах, китептер; бюллетендер, эл алдына кенен таратууга багытталган бир саамдык басылмалар; теле- радио берүүлөр, кино- видео студиялар; мамлекеттик органдар, кабар агентиктери, саясий, коомдук жана башка уюмдар чыгарган аудиолор жана басылмалар кирет.

Прокурор, Фарафоновдун адвокатына «мыйзамду кууш талкуулап жатасыз» дейт.

«Интернет-баракчаларга кирүү чектелген эмес […]. Колдонуучулар нааразычылыктарын билдиришкен», – дейт прокурор.

Ал эми адвокат, ММКнын чөйрөсү «так» аныкталган, аны «кууш» жана «кең» түшүнүп, талкуу мүмкүн эместигин айтты.

«Интернет – бул байланыш мейкиндиги, китепканада турган китеп менен салыштырсак болот. Китептин китепканада тургандыгы үчүн соттоп жатышат: кааласан ал, каалабасан алба”, – дейт журналист.

Владимир Фарафоновдун сот иши 3-апрелге чейин уланат.

Автор: evgenii pogrebn9k

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Таттуу Укуева