Бишкек шаардык мэриясы троллейбустарга плазмалык телевизорлорду орнотот

Апрель айынын аягында троллейбустарда плазмалык телеэкрандар пайда болот, дейт Бишкек шаардык мэриясы. Коомдук транспортто жалпысынан 120 монитор орнотуу пландаштырылган.

Бишкек шаардык автотранспорт мекемесинин директору Нурлан Атыкановдун айтымында, мындай экрандар ар кандай жарнамалык роликтерди көрсөтүү үчүн орнотулат.

Экрандарды орнотуу 2012-жылдын январь айынан башталган. Апрелдин аягына чейин 100 автобуска орнотуу пландаштырылган, андан соң 20 троллейбуска да коюлат.

Мониторлор «Пресском» компаниясына таандык. Алар автобустарды ижарага алуу үчүн мэрия менен үч жылдык макулдашуу түзүшкөн.

Компаниянын өкүлдөрү коомдук транспортто экрандарды орнотуу боюнча мэрияга мурдагы жылы сунуш киргизген.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “Пресском” компаниясы “ижара акысын төлөйт” жана “мэрия жөнүндөгү маалыматтар да көрсөтөт” деген шарттарда макулдугун беришкен.

Ижарадан түшкөн каражаттар Бишкек шаардык автопаркын камсыз кылуу үчүн сарпталат, дейт Атыканов.

«Пресском» компаниясы фирмаларды жана товарларды коомдук транспортто жарнамалоо үчүн акча алышат — бир секунда беш тыйын.

«Пресскомдун» башкы директору Нурлан Чолоевдин айтымында, мониторлорду орнотуу жана ижарга кеткен чыгымдар бат эле акталат.

«100 автобус бир күндө орто эсеп менен 175 миң жүргүнчү ташыйт. Бирок бул сан, эки эсе көп десек жаңылышпайбыз, анткени жол киресин төлөөдөн бошотулгандар да бар. Алардын баары биздин потенциалдуу көрүүчүлөрүбүз», — дейт «Пресскомдун» башкы директору.

Уурдап кетүүдөн сакталган

Мониторлор сынбаган айнек менен жана темир корпус менен капталган. Уурдап кетүүнү алдын алуу үчүн транспортко видеокамералар орнотулат.

Бул телевизорлор GPS-датчик менен жабдылган, ошондуктан экрандардын кайда экендиги дайыма тескөө алдында болот.

«Монитордун күнүмдүк жашоодо пайдасы жок. Мындан сырткары камсыздандырылган… Уурдалбайт», — дейт Чолоев.

Азыркы күндө көрсөтүлө турган материал жана контенттин үстүндө иштер жүрүп жатат. Мэрия жөнүндөгү маалымат жана жаңылыктар акысыз көрсөтүлөт.

«Эртең менен көбүнчө мектеп окуучулары жүрөт, ошондуктан бир аз шаңдуу, күлкүлүү роликтерди, кыска метраждуу мультиктерди коёбуз. Жүргүнчүлөрдүн көңүлүн буруп, аларга кызыктуу болуу үчүн аракеттерди жасайбыз», — дейт «Персскомдун» жетекчиси.

«Тоскоол болбойт»

Кабарчыларыбыз автобус жүргүнчүлөрү арасында сурамжылоо жүргүзүштү. Көпчүлүгү мониторлорду көрө электигин айтышты.

«Бир жолу жаныбарлар жөнүндө документалдык тасма көрсөтүп жатышкан. Башталгыч аялдамадан акыркы аялдамага чейин бара тургандар үчүн кызыктуу эле», — дейт студент Азамат Камчыбеков.

Автобустун айдоочулары, мониторлор тоскоолдук болбойт дешет.

«Үн арттан чыгат, эч тоскоолдук жаратпайт. Жарнамалардан көрө, жаныбарлар жөнүндөгү документалдык тасмаларды көрсөткөнү жакшы», — дейт айдоочу Айбек Арыков.

№21 автобусунун айдоочусу Турган Каракулов да, жакында монитор орнотулаарын айтты.

“Качан орнотулаары белгисиз. Бир күнү гаражга келсек орнотуп беришет да. Бул мониторлор айдоочуларга эч тоскоолдук жаратпайт”, — дейт айдоочу мырза.

Автор: Виктория Мячкова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Фото Трансфото.ру сайтынан алынды