Депутат Айнура Осмонова Factcheck.kg басылмасын сотко бергиси келет

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун колдогон депутаттардын бири Айнура Осмонова 19-июндагы коомдук уктурууда Factcheck.kg басылмасын плагиат тууралуу материалы үчүн сотко берерин билдирди.

Басылма «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун текстин салыштырып көрүп, ал Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Мындан тышкары, Factcheck.kg Осмонованын мыйзам долбоорунун пайдасына карата аргументин талдап көрүп, депутат калп айткан деген жыйынтыкка келген.

«Плагиат деп мисалы искусство жана адабият ишинин көчүрмөсү аталат. Ал эми жашоо бардык жерде бирдей, демек мыйзамдар да окшош. Мен кичинекей кезимен бери эч качан калп айткан эмесмин. Сиз мени ушуга айыптаганыңыз үчүн сотко берем», — деди ал.

Фейктер менен күрөшкө аргумент катары Осмонова АКШны мисал кылды.

«Атүгүл Америкада да фейктерге каршы күрөш жүрөт. Мен өткөн жылы ал жакта он күн окуп келдим. Баңги картелдери фейк аккаунттар аркылуу баңги сатышат», — деди Осмонова.

Factcheck.kgнин башкы редактору Болот Темиров Осмонованын айткандарына жооп берип, мыйзам баңгизаттардын интернетте сатылышын көзөмөлдөй албайт, ал эми фейктерге каршы күрөш таптакыр эле болбойт деп билдирди.

«Эмнеге калп айтып жатасыңар? Эгер кааласаңар мени сотко бергиле. Баңгизат деп жатасыңар, анын изине түшүүгө мүмкүн эмес, сатык мессенжерлер аркылуу жүргүзүлөт. Алар дайыма IP-даректерин өзгөртүп турушат. Алардын изине түшө албайсыңар. Сөз эркиндиги жапа чекпейт деп жасаңыр — бул калп. Фейк аккаунттар менен күрөштүн артына жамынып, шайлоо алдында оозубузду жапкыңар келип жатат», — деп жооп берди Темиров.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаева дагы мыйзамды коргоп, бир аргумент келтирди. Анын айтымында, кадимки жашоодогудай эле интернетте да белгилүү бир эрежелерди сакташ керек, ал эми фейк аккаунттар аркылуу адамдар бардык эрежелерди бузуп, жазасыз калууда.

«Сиз түшүнсөңүз, биз улууларга сый мамиле бааланган чыгыш өлкөсүндө жашайбыз. Ал эми фейк аккаунт аркылуу жазган адам бул тууралуу ойлонбойт. [...] Интернет чөйрөсү да эреже сакталышын талап кылат. Кимдир бирөөнүн жумушуна барып алып аны жамандоо эч кимдин башына келбесе керек, ал эми фейк акканттар менен адамды жамандап жатышат. Бул баарынан оңой да. Биз өзүбүздү жана башкаларды, мамлекетибизди бул нерседен коргошубуз керек», — деди Асылбаева.

Бул мыйзам деги эмне жөнүндө?

Мыйзам долбоорунда сайттардын же барактардын ээлери интернетте сайтты же баракты жалган же чындыкка дал келбеген маалыматты жайылтуу үчүн колдонулушуна жол бербөөгө милдеттүү деп айтылат.

Ал эми провайдерлер колдонуучулар жөнөтүп жаткан бардык билдирүүлөр тууралуу маалыматты алты ай ичинде сактоого тийиш.

Ошол эле кезде маалыматтын чын-төгүнүн атайын түзүлгөн маморган текшериши керек болот.

«Factcheck.kgнин» мыйзамды текшерүүсү

Factcheck.kgнин редакциясы «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талдап чыгып, аталган мыйзам Орусиянын «Маалымат, маалымат технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө» федералдык мыйзамынын беренелеринин рерайты болуп саналат деген бүтүмгө келген.

Материалда Орусиянын мыйзамы 2017-жылы мартта Жогорку Кеңешке сунушталган мыйзам долбоору менен 64%га окшош деп айтылат.

Ал эми маалым-кат негиздемеде, журналисттердин пикирине ылайык, манипуляциялык мүнөздөгү маалымат жана логикалык ката бар.

Ошондой эле Factcheck.kg Осмонованын мыйзам долбоорунун пайдасы үчүн айткандарын талдаган. Депутат эгер мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо сөз эркиндиги жапа чекпейт, ал эмыйзам баңгизат саткандар жана «вербовка кылгандар» менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет деп айткан. Ошондой эле анын айтымында, мыйзам долбоорун коомчулук колдоп берген, болгону аны троллдор сынга алышкан.

Журналисттер мыйзамдын үзүндүлөрүн жана соцтармактарды талдоонун негизинде Осмонова жалган маалымат айтып жатат деген бүтүмгө келишкен.