Ош шаарында 27-июнга карата коронавирустун жаңы 94 учуру катталды – алардын төртү шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери. Акыркы апталарда калаада Covid-19 жуктуруп алгандардын саны кескин жогорулады.
Ушуну менен жалпы Ош шаарында коронавирус 594 адамдан аныкталды. Анын ичинен төрт киши каза болуп, 174 бейтап айыгып чыккан.
26-июнда коронавирус мэриянын кызматкеринен табылган. Буга байланыштуу башка кызматкерлердин баары анализ тапшырууда. Мындан тышкары таажы вирусу муниципалдык ишканалардын биринен катталып, анын иши убактылуу токтотулган.