COVID-19дан 653 бейтап айыкты, алардын арасында 101 жаштагы бейтап бар

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 3-августта COVID-19дан дагы 653 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын арасында 101 жаштагы бейтап бар.

Жаңыдан айыккандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 201. Ошондой эле Бишкек шаарынан — 167, Ош облусунан — 77, Ысык-Көл облусунан — 69, Талас облусунан 42, Жалал-Абад облусунан — 40, Ош шаарынан — 29, Баткен облусунан — 21 жана Нарын облусунан жети бейтап айыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 27 927ге жетти — илдет жалпысынан 37 129 адамда аныкталган. Айыккандардын арасында 1 853 медкызматкер бар.

Ооруканаларда 7 790 адам дарыланып жатат. Илдет жалпысынан 1 420 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.